www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
50-80-жылдарды алсак, кечээкини бүгүнкүгө салыштырып болбогон кайталангыс мезгил серп этип өткөн кеткен экен го деген ойго чөмүлдүм. Ошондогу замандын залкар инсандары бир доорго туш келгени. Кыргыз тарыхынын таасындуу учурлары деп тансак ашыктык кылбас. Кечээки көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок, дегендей раматылык Мар агабыздын көзү тирүүсүндөгү ары кызыктуу, ары ойго салган маегин тартуулап олтурабыз. Көрүнүктүү адабиятчы, сынчы, котормочу, фольлклорист, драматург Мар агабыз менен баарлашканыбыз биз үчүн чоң сыймык болду.
- Атаңыз Ташым Исхаковичти алгачкы интелигенциянын түптөөчүлөрүнөн. Анын жолун улоочу уулу катары эмнелерди айткыңыз бар?
- Кыргыз интелигенциясынын эң алгачкылары: Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстановдор болсо, сапты улай, менин атам, Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков. Зыяш Бектенов, Абдылас Малдыбаев, Жоомарт Бөкөнбаевдер болгон. Атын атап өткөндөр атам менен тыгыз байланышта болоор эле. Мына ошондой искусство агартуучуларлын, кыргызымдын каймактарыынын арасында чоңойгонум мен үчүн үлкөн сыймыктыр. Атам Мар тууралуу токтоло кетсем, атам Мар Байжиев кыргыз тарыхында опол-тоодой изи калган. Ал кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, фольклорчу, котормочу жана жазуучу катары элине аты калган. Экинчи дүйнөлүк Улуу Ата Мекендик согуш башталганда мен болгону алты жашта элем. Атам өз каалоосу менен фронтко аттанган. Апам айылдагы мектепке сабак берип иштеп, бизди баккан. Атам 1944-жылы атам согуштан жарадар болуп кайтып келет. 1944-1950-жылдары Кыргыз Илимдер адемиясынын Манас жана фольклор секторунда илимий кызматкер, сектор башчы болуп эмгектенген. Кыргыз мектеп тарыхында Ташым Байжиев атамдын унутулгус 4 учуру.
1.1930-жыл. Кыргыз эли араб алфавитинен орус алфавитине өткөн жыл.
2.1933-жыл. Кыргыз мектептерине эне тилден туруктуу окуу китептерин түзгөн жыл.
3.1940-жыл. Бүткүл союзда жана респудликада Родная литература Биздин адабият аттуу окуу китептеринин түзүлүшү.
4.1947-жыл. Кыргыз орто мектептеринде адабият боюнча биринчи окуу китептери жазылган убак.
Ал эми 1950-жылы атамды укук коргоо кызматкерлери үйдөн алып кетип, ошол бойдон атамды көрбөй калдым. Күндө терезеден анын кирип келишин самап күтө берчүмүн...Атамды “эл душманы” атап, 10 жылга эркинен ажыратылган экен. Эки жылдан кийин Казакстандагы түрмөдө көз жумган.
- “Манас” эпосун тереңдете изилдегениңиз дагы ошол атаңыз бүтпөй калган эмгектерин улантмакчы болгондугуңузданбы?
- Атамды ээрчип алып, Саякбай Каралаев, Шапак Рысмендиев өңдүү бир катар манасчыларды көрүп, манас айткандарын ынтаа менен угуп чоңойгон баламын. “Манас” эпосуна болгон кызыгуум күчөп, ага сүңгүп кирип, илимий негизде алек болгонум дагы мына ошондондур. Эки тилде илимий эмгектерим жарык көрдү. Биздин эпостой гениалдуу чыгарма жокко эсе, болбойт деп баса белгилеп айткым келди. Мына бүгүнкү күнгө чейин океандай терең чыгарма менен алпурушуп келемин. “Манас” , “Семетей” , “Сейтек” аталыштагы китебимдин жарыкка чыгышына, мектеп базасында “Манас” эпосунун бурмаланып чыккан айрым китептерге бөгөт коюу болду. Көбүнчө Сагынбай Орозбаковдун вариантын пайдаланып, кыргыз жана орус тилинде чыгардым. Эң негизгиси мектеп базасына ылайыкташкан. Окуучулар “ Манас” эпосу боюнча туура маалымат алышса деген изги тилегим бар.
- Кино-бул искусствонун кичинекей бөлүкчөсү болгону менен адам болуп калыптанууда тарбиялык маңызга ээ эмеспи. Ошол эле “Ак илбирстин тукуму” же болбосо “Алтын күз” тасмаларын алалы. Кантсе да, “кыргыз кереметине” сиздин дагы сценарийлериңиз кирип калбадыбы?
- Туура. 1985-жылы Берлиндеги эл аралык кино фестивалында “Ак илбирстин тукуму” тасмасы “Күмүш аюу” сыйлыгына татыган. Ал убакта искусствонун кайсы тармагын албайлы өтө этияттык жана кынтыксыз мамиле жасайт элек. Цензура деген болчу. Кандай гана мыкты сынчыларыбыз болбоду дейсиң. Ар бир тармакта өзүнүн татыктуу атаандаштары болоор эле. Мына ошондон уламбы маданият болуп көрбөгөндөй туу чокуга жетти. Ал доорду “алтын доор” деп атасам дагы туура болчудай. Бир гана Кыргызфильмде эмес, Өзбекфильм студиясында “Бөтөн бакыт”, “Нөшөр”, Казактелефильм студиясында “Жаңы жыл алдындагы түн” аттуу тасмалар тартылган.
- Ар тармактуу талант катары элиңиздин уулу аталдыңыз. Драматургияда жазган пьесаларыңыз 200 дөн ашуун театрларга коюлганы дагы төгүн эместир...
- “Эрөөл”, “Эр намысы”, “Алтынчы күнү кечинде”, “Кыз-күйөө”, Узак сапардагы поезд” пьесалар жазылды. Ал эми “Эрөөл” пьсамдын негизинде эки опера коюлса, “Кожожаш” эпосунун мотивинде “Байыркынын жомогу” драмасын жаздым. Чыгармаларымдын дээрлик көпчүлүгү КМШ, чет өлкөлөрдүн тилдеринде которулуп, китеп болуп басылып чыкты. Драмаларым Москва, Киев, Санкт-Петербург, Ташкент, Рига, Тбилиси, Баку, Алма-Ата, шаарларынын, Польша, Венгрия, Австрия, Канада, Монголия, Румыния, Болгария, Финландия өлкөлөрүнүн сахналарында коюлганы мени кубандырбай койбойт.
- А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Осторвскийдин “Сепсиз кыз” (Бесприданница) спектакли коюлган. Бул эмгегиңизди жаңыланган ыкмасы катары дейбизби, айтор, күтүүсүз мотивациялык бурулуш катары карасак болчудай.
- Албетте. Бул чыгарманы Александр Николаевич Островский 1887-жылы жазган. 1947-жылы менин атам бул пьесаны кыргызчага которгон экен. Ошол учурдагы спектаклдин өзөгү бактысыз кыз Ларисанын аянычтуу тагдыры баяндалат. А мен Паратовду арамза катары көрсөткүм келбеди. Жашоо кырдаалы аны туңгуюкка алпарып салды, ал сүйгөнүнүн тагдыры үчүн башка бирөөгө үйлөнүүгө аргасыз болот. Бул пьесадыгы менин ой жүгүртүүм, пикирим. Мен эч кимди талкуулабайм дагы, ар кимдин өз чындыгы, өз көз-карашы бар.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg