www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убакта азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлдү. Бул тууралуу депутат Айнура Осмонова бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Кыргызстанда орточо айлык 20 миңге жакын экенин эске салды.

«20 миң айлык алгандар айлыктан айлыкка чейин эптеп жашайт. Анан айлыгы аз адамдар кантип жашайт? Ал эми өмүр бою иштеп, бирок ошол эле учурда минималдуу пенсия алган пенсионерлер кантип жашап жатышат?», - деди ал.

Депутат бул маселе боюнча Социалдык фонддун кандай пландары бар экенин тактады.

Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев келерки жылы пенсияны көтөрүүгө бюджеттен 70 миллион сом бөлүнөрүн айтты.

«Пенсияны ким көтөрөрүн Министрлер кабинети аныктайт», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости