www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудайдын үрөнүн берет

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбков өткөн жумада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган расмий делегациянын курамында Өзбекстанда болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрдин боордош республикага болгон мамлекеттик иш сапарында бир нече натыйжаларга жетишилди. Тактап айтканда, Өзбекстан тарабынан 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн жана 500 тонна пахтанын үрөнүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Ошондой эле Өзбекстан Кыргызстандын аймагына заманбап күнөсканаларды куруп, кийин ал кыргыз тарапка өтөт деп макулдашылды. Мындан сырткары, заманбап технологияларды колдонуп, мөмө-жемиш бактарынын заманбап сорттору менен бакча салуу чечими кабыл алынды. Өзбекстан Кыргызстанга акысыз 10 миң мөмөлүү дарактын көчөттөрүн берет, алар келечекте көчөттөрдү отургузуу үчүн мамлекеттик сорттогу участокторго отургузулат.

Коңшу республикага болгон иш сапарыбызда, ошондой эле этти кайра иштетүү, биздин өлкөдө малды жасалма уруктандыруу, бордоп семиртүү, союу жана Өзбекстандын аймагына экспорттоодон баштап эт өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары Кыргызстанды минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечилди.

Ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы экспорттоо, илимий-изилдөө институттарынын кызматташуусу, тажрыйба алмашуу жана адистерибизди коңшу өлкөнүн ЖОЖдорунда окутуу маселесин талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости