www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцов Кыргызстанда иш сапары менен келген. Бул Орусия тараптан келген бийликтин алгачкы иш сапары болгондуктан, аны менен жогорку деңгээлдеги мамлекет жетекчилери жолугушуп, баарлашты. Андан тышкары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреевдин билдирүүсүнө караганда Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жолугушуусу болот. Билим жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев министр болгуча 13 жыл эмгек жолунда бир жерге көчүгү айланбай 10 жолу кызмат ордун алмаштырганы менен радикалдуу “гүленчилер” менен кызматташып, Эрдогандын кара тизмесине түшкөнү тууралуу каңкууланат. Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жолугушуусу болсо Түркия да катышат, анын президенти Тажип Эрдоган биздин Билим жана илим министри Бейшеналиевке кандай көз караш менен карайт болду экен? Же президент шайланган соң Эрдогандын түрк тилинде жазылган куттуктоосуна түрк тилинде жооп бергени үчүн убакыт саатын күтөбү?
Албетте, бир жагынан караганда Алмазбек Бейшеналиевдин билим деңгээли жогору, ал Нарын университетин аяктап, Германияда магистратурада окуп билимин өркүндөткөн.Кээ бирөөлөр айтышат ал окууга шылтоолоп бизнесин гана өркүндөткөн дешип. Анын үстүндө он үч жылда “Күлү додо болбой” он жолу кызмат ордун алмаштырганы менен эл окуй турган илимий эмгектери жана педагогикалык тажырыйбасы жок. Деги тарыхка кылчайа карап көрөлү. Эң биринчи билим жаатын тейлеген эл комиссары Касым Тыныстанов кыргыз тил илимин өнүктүрүү зор эмгек кылган. Касым кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. 1936-жылы профессорлук наамын алган эң биринчи кыргыз 1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку Аскер сотунун жабык кѳчмѳ сессиясында К.Тыныстановго 1921-жылдан тартып улутчул «Алаш-Ордо » уюмуна , андан кийин буржуазиячыл-улутчул , диверсиялык зыянкеч , «Социалдык –Туран» партиясынын жетекчилик тобуна кирген деген кγнѳѳ менен коюлуп, атууга ѳкγм кылынган. θкγм тез аткарылып 7-ноябрда атылган.
Токчоро Жолдошевдин кыргыз көркөм адабиятынын кандай болушу керектигин кашкайта көрсөткөн чыйрак макалалары азыр да кызыгуу жаратат. Туңгуч кыргыз сынчысы, бир боор калкынын сабатынын ачылышына үлкөн салым кошкон мугалим, эл агартуу иштерин уюштурган министр. 32 жашында репрессияга кабылган.
Осмонкул Алиевдин тагдыры да башка курбалдаштарындай кандуу жазалоого туш келип, 35 жашында коммунисттик бийлик тарабынан атып жок кылынган. Большевиктер репрессиясынын натыйжасында партияга революцияга чейин, анын алгачкы жылдарында мүчө болуп киргендердин 80% жок кылынган. Кандуу жазалоонун капканына 1920-жылдан 1953-жылга чейин 40 миллион ашуун адам кабылып, анын 7 миллиону 1935-жылдан 1941-жылга чейин атып өлтүрүлгөн. Калкынын саны миллионго жетпеген Кыргызстандын өзүнөн эле 40 миң адамдын (эң биринчи кезекте - жигердүү айдыңдардын) жок кылынышы массалык кырып-жоюунун масштабдуу жүрүшүнөн кабар берет.
Академик Болот Юнусалиев кыргыз илиминдеги беш манжа менен саналчу залкарлардын бири. Илимий эмгектерин кыргыз-орус тилинде эркин жаза алган, принципиалдуу маселеге келгенде эч качан позициясынан тайбаган, өзү туу туткан акыйкатты коммунисттик бийлик алдында да тартынбай коргоп, куугун-кысымга карабай, калыстыкты бекем кармап жашаган улуу инсан. Анын артында калган илимий эмгектеринин барк-баасы арадан жарым кылым ашуун убакыт өткөнүнө карабай эч кемибей, түркологиянын классикалык үлгүсү катары жаңы муундагы окумуштууларды кызыктырып келатат.
Тарых илимдеринин доктору, профессор Каниметов Абдылда Москва мамлекеттик университетин (МГУ) бүтүргөн, 1962–1977-жылдары Кыргыз ССРнин элге билим берүү министри. Каниметов Абдылданын илимий эмгектери Кыргызстандын маданий курулушуна, элге билим берүү жана Интергельпонун тарыхына арналган. Ал 200дөй илимий макала, анын ичинен 40ка жакын монография, окуу китептеринин автору.
Булардын арасында Айтул Бабашалин, Камбаров, Абдынасыр Елебасов, Муса Рыскулбеков, Султан Токтогонов, Таштанбек Тургунов, Аскар Турсунов, Жаныбек Шаршеналиев сыяктуу советтик министрлер бар.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң 17 министр алмашкан: Мукаш Базаркулов 1989-1991; Анарбек Бакаев 06.1991-11.1991; Чынара Жакыпова 1992-1993; Аскар Какеев 1993-1998; Советбек Токтомышев 1998-1999; Турсунбек Бекболотов 1999-2001; Камила Шаршекеева 2001-2002; Ишенгүл Болжурова 2002-2004; Мустафа Кидибаев 2004-2005; Досбол Нур уулу 2005-2007; Каныбек Осмоналиев 2007-жылдын башы -01.11.2007; Ишенгүл Болжурова 2007-2009; Абдылда Мусаев 2009-2010; Канат Садыков 2010-2014; Эльвира Сариева 2014-2016; Гүлмира Кудайбердиева 2016-2019; Каныбек Исаков 2019-2020; Алмазбек Бейшеналиев 2020-жылдан баштап.
Азыркы жаштар Касым Тыныстанов, Токчоро Жолдошев, Осмонкул Алиев, Болот Юнусалиев, Каниметов Абдылда сыяктуу кашкөй министрлерди окумуштуу, илимпоз, адабиятчы катары жакшы билишет. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң министр болгон он жети адамдын рейтинги боюнча баа бергенде социалдык тармактарда биринчи орунду Каныбек Осмоналиев, андан соң Алмазбек Бейшеналиев, Ишенгүл Болжурова, маркум Каныбек Исаков, Досбол Нур уулу, Гүлмира Кудайбердиева, Канат Садыков, Абдылда Мусаев, Мустафа Кидибаев, Эльвира Сариева, Камила Шаршекеева, Чынара Жакыпова, Советбек Токтомышев, Аскар Какеев, Советбек Токтомышев, Анарбек Бакаев, Турсунбек Бекболотов, Мукаш Базаркуловдор ээлешти.
Эгемендүү Кыргызстандын он жети билим жана илим министринин рейтингинде соцтармактарда жогорку баага татыган Каныбек Осмоналиев. Каныбек Осмоналиевдин өмүр баянын эки ракурстан караса болот. Ага кызмат берсе иштин майын чыгарат. Бекер жеринен министр болуп мыкты иштегени үчүн ага көпчүлүк жакшы баа берип жатышат. Кээ бирөө кызматтан түшкөн соң шалдырап жатып калат. Каныбек Осмоналиев 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Убактылуу Өкмөттүн билерман партиялары менен тизгин талашып, депутаттык күрөшкө аттанган. Алмазбек Атамбаевдин СДПК, Өмүрбек Текебаевдин «Ата-Мекен» сызгырылып, эптеп өтүшкөнү менен Темир Сариевдин «Ак Шумкар», Аликбек Жекшенкуловдун «Акыйкат», Эдил Байсаловдун «Айкөл Эл» партиялары парламентке караандабай калышкан. Парламентке депутат болуп келген Каныбек Осмоналиев Убактылуу Өкмөттүн бийлигин мактап жатып албады, ал эл тарабында позицияга өтүп, бийликтин кылып жаткан кыянат иштеринин бетин ачып тургандыктан, 2014-жылы жок жерден анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоого бут тосулду. Каныбек Осмоналиев башкалардай мен депутатмын деп дердейип жатып алган жок. Ал депутат болуп туруп жаштарды илимий жактан көзүн ачыш үчүн «Илим жана турмуш» деген илимий –популярдуу көрсөтүү ачкан. Бул көрсөтүү анын эл алдында кадыр-баркын ого бетер күчөтүп бараткандан чоочулаган бийлик КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков тарабынан жаптырып салган. Албетте, ал кезде бийлик отур десе,чөгөлөй калган Илим Карыпбеков мындай актуалдуу, илимий-популярдуу көрсөтүү менен эмне иши бар эле. Ошол мезгилде коомчулук тарабынан бул көрсөтүүнүн жабылып калышына чоң резонанс туулган. Каныбек Осмоналиевдин акыйкаттуулугу бир нече ирет такталганы менен бийлик башындагылар мезгил-мезгили менен кылмыш ишин козгоп турган.
Ага канча кылмыш иши козгшолсо да Каныбек Осмоналиев чындык үчүн тикесинен-тик туруп келген. Бишкек шаарындагы Ала-Тоо" аянтында 2020-жылдын 2-мартында Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митинги өткөн. Аны уюштургандар Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаровдор мэрияга акция өтө тургандыгын алдын ала кабарлаган.Ошол митингден сүрөттөмө: Кечки 6 дан 50 мүнөт өткөндө милиция митингчилерди Орозбеков көчөсү менен сүрүп бара жатты. Милиция менен митингчилердин каршылашуусу Орозбеков менен Киев, Токтогул көчөлөрүндө болду. Ал жерде митингчилер милицияга бир топ каршылашты. Алар тартип сакчыларга таш менен каршылык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Нааразылыкка чыккандар бир топ каршылык кылышкан. Милиция акырындык менен аларды аймактан сүрүп чыгып бара жатты.
Дагы алты мүнөт өткөндө. Москва-Логвиненко көчөлдөрүндө милиция кызматкерлери менен кошо атайын даярдыктагы аскерлер жүрөт. Митингчилер таш ыргытканга жетишип жатты. Ал эми жөнөкөй жарандар баш калкалаган жай издеп жүрүштү.
Кечки жети. Бул аймактагы көчөлөрдөгө асфальт жолдон жерде жаткан муштумдай таштарды, көлөмү андан чоңураактарын, цементтин сыныктарын көрүүгө болот. Ал арада бул маршруттан жолдо турган автоунаалардын кээ бирлеринин айнектери талкаланды.
Милиция Садыр Жапаровдун боштолушун талап кылып митингге чыккандарды болжол менен 40 мүнөттүн тегерегинде митинг уюштурулган аймактан сүрүп чыккан.
Каныбек Осмоналиев кармалып жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров менен кошо митингден кийин кармалган. Садыр Жапаровду колдоо митингди уюштурган Каныбек Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясынан чыгарыларын саясый уюмдун лидери Феликс Кулов билдирген.Анын айтымында, Каныбек Осмоналиев митинг уюштуруп жаткандыгы тууралуу лидерге кабар берген эмес. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Каныбек Осмоналиев ден соолугуна байланыштуу 2020-жылдын 26-июнунда үй камагына чыгарылган.
Каныбек Осмоналиевдин билим берүү тармагы боюнча айтылган ойлору мындай, баланын дүйнө таанымы 15-16-17 жашында калыптанат. Андыктан бул убакытта ата-энеден алыстабай, педагогдордун көзөмөлүндө болуп 10-11-класста билим алуусу керек. Мындай тажрыйбаны көп өлкө колдонот. 2019-жылдын аягында Каныбек Осмоналиевдин демилгеси менен окуучуларды жалпы билим алууга милдеттендирген мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 9-класстан кийин окуудан баш тартууга тыюу салынып, 11 жылдык билим берүү милдеттүү түрдө киргизилген. Окумуштуу жогорку класстарга жалпы билим берүү менен биргеликте кесип үйрөтүп чыгарууну орто мектептерге жүктөө, башкача айтканда, дуалдык системаны киргизүү мезгил талабы экендигин кошумчалаган.
Каныбек Осмоналиев паспорттогу улуту жазылган графаны алып салууга да каршы инсандардан болгон. "Манас" эпосунда айтылгандай, кыргыздар 40 уруудан куралган улут. Бирок соңку мезгилдерде биз бул ынтымакка үндөгөн ураанды тескери багытка буруп, ар ким өз уруусунун көмөчүнө күл тартмайга өтүп алды. Бул абдан туура эмес көрүнүш. Каныбек Осмоналиевдин айтымында, урууга бөлүнүү кыргыз улутунун жашоо философиясы, тарыхы катары гана сакталып калышы керек. Аны учурдагы жашоого илимий багытта гана колдонуу туура багытка алып барат. Урууга бөлүнбөй, улутка биригип, илим-билимге умтулганыбызда гана өлкөнүн эртеңин көрө аларыбызды айтканы бар. Ал 2021-жылдын 15-февралынан бери Өкмөт башчысынын кеңешчиси болуп келатат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg