www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-октябрда Турусбек Түмөнбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Дайындоо жөнүндө жарлыкка Садыр Жапаров премьер-министр болуп турганда кол койгон. Буга чейин ал Марат Пирназаровду “Унаа” компаниясынын директорлук кызматынан бошоткон.

Унаанын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун кудасы болобу же жокпу Factcheck.kg  иликтөө жүргүзүп көрдү. Социалдык тармактарда Турусбек Түмөнбаев Жапаровдун улуу эжелеринин биринин жубайынын тууганы экендиги кабарланган.

Турусбек Түмөнбаевдин туугандарынын бири Эсеп палатасынын аудитору жана “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акылбек Түмөнбаев. Ал өз баракчасында ЖМКда жарыяланган маегин бөлүштү. Анын айтымында, анын Таалайбек аттуу агасы болгон, ал каза болуп калган.

Эсеп палатасынын сайтында маалымдалгандай, Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Ал эми “Тизме” порталынын маалыматы боюнча, бир тууган Турусбек жана Акылбектер учурда Кең-Суу айылындагы №3074 шайлоо участкасында каттоодо турушат.

 

Ал ортодо, Одноклассники социалдык тармагында Таалайбектин балдары – Бермет Түмөнбаевдер менен Айжамал Таалайбековнанын баракчаларын таптык. Белгилей кетсек, Берметтин профилинде Садыр Жапаров “байкеси” катары көрсөтүлгөн.

Ал эми Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси – Салтанат Джапарова Бермет Түмөнбаеванын сүрөтүнүн алдына комментарий калтырган.

22-ноябрда Айжамал Түмөнбаева өзүнүн эжеси Дааркүлдүн үйлөнүү тоюнан түшкөн сүрөтүн Одноклассники баракчасына жарыялады.

2020-жылдын 17-майында Instagram баракчасында Айжамал апасын Энелер күнү менен куттуктайт.

Бирок Бермет менен Айжамал Түмөнбаевалардын апасынын аты ким?

Ачык маалымат булактары билдиргендей, Садыр Жапаровдун беш кыз бир туугандары бар. Алардын ичинен улуу эки эжеси – 1966-жылы туулган Райкүл Жапарова жана 1963-жылы туулган Джапарова Акат.

Райкүл Жапарова жолдошу Канатбек Курманов жана балдары менен. Сүрөттү уулу Instagram аркылуу жарыялаган.

Райкүл Жапарова өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү. 2020-жылы 27-майда Kaktus.media Польша жарандыгын алууну пландап жаткандыгын билдирген. 20-ноябрга карата Тизме порталынан ал жөнүндө эч кандай маалымат таба алган жокпуз. Тизме порталынын маалыматы боюнча, Садыр Жапаровдун дагы бир эжеси Джапарова Акат Нуркожоевна Түп районунун Кең-Суу айылында жайгашкан №3074 участкалык шайлоо комиссиясында катталган.

Ошондой эле, №3074 УШКга Таалайбек Түмөнбаевдин балдары – Бермет жана Нурбекти каттоодо.

 

 

Ошондой эле Айжамал Түмөнбаева Кең-Суу айылындагы №3074 УШКнын тизмесине киргизилген.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Турусбек Түмөнбаевдин ортосундагы туугандык байланыштар схемасын алдык:

Корутунду

Айжамал, Бермет жана Нурбек Түмөнбаевдер – Акат Джапарова менен Таалайбек Түмөнбаевдин балдары. Акыркысы жакында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин башчылыгына дайындалган Турусбек Түмөнбаевдин бир тууганы болгон. Ошентип, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жаңы башчысы Садыр Жапаровго куда болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости