www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун атынан "Жаңы жыл - жаңы үмүттөр" аталышында балдар арасында өткөрүлгөн сынакта жеңишке жетишкендиги үчүн Казыбек Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучусу, 16 жаштагы Нуржигит Момунбаевге ноутбук тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектеп-интернаттын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Рахат Назарбекова берилген сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, "Жаңы жыл - жаңы үмүттөр" аталышында балдар арасында өткөрүлгөн сынакка 45 тарбиялануучу катышканын, анын ичинен 9 сүрөт республикалык сынакка көрсөтүлгөнүн маалымдады. Жыйынтыгында Нуржигит Момунбаевдин "Сыйкырдуу шар" аталышындагы сүрөтү эң мыкты деп табылган.   

Андан тышкары, Рахат Назарбекова Казыбек Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернаты 1959-жылы негизделип, алгач чабандардын балдары окутулганын, өткөн кылымдын 90-жылдарынан тарта Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жетим балдар тарбиялана турган жайга айландырылганын кошумчалады. 

"Азыр интернатта 231 бала окуп, 105 бала туруктуу жашайт. Алардын ичинен он бири тоголок, кырк беши жарым-жартылай жетим", - деди Рахат Назарбекова. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости