www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек гумманитардык университетинде (БГУ) Түркия Республикасынын Кызматташтык жана координациялык агентствосу (ТИКА) тарабынан жабдылган Түрк тили жана маданият борбору ачылды. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Борбордун ачылыш аземине Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат, БГУнун ректору Абдылда Мусаев, ТИКАнын Бишкек координатору Али Муслу жана университеттин эмгек жамааты катышты.

Аталган борбор ТИКАнын билим берүү тармагында ишке ашырган долбоорлорунан бири болуп саналат. Мисалга алсак, буга чейин ТИКАнын жардамы менен Ош шаарында 850 орундук лицей ачылып, Чүй облусунда бир катар мектеп оңдоп-түзөө жана жаңылануудан өткөн деп жазат элчиликтин басма сөз кеңешчилиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости