www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Билим берүү жана илим министрлиги» деген тармак эмне иш менен алектенип олтурганын билбейбиз. Алсак, кечээ жакында 6-7-класстардын география сабагы боюнча жаңы жарыкка чыгып, колдонулууга берилген китептердеги каталар, тагыраагы грамматикалык жана маани-маңызы боюнча мүчүлүштүктөр кызуу талкууга алынды.

Бул боюнча эми ким жоопкерчилик тартат? Уялбай министр Гүлмира Кудайбердиева телеге маек берип, актануу аракетин көрдү. Анан дагы: «Бул басмакананын күнөөсү, бизде күнөө жок, басмакана күнөөсүн моюнуна алып кайрадан китепти акысыз басып бермей болду» деп оозу-мурду кыйшайбай мактанышты.

Уят да! Ал китепти басып чыгарганга чейин ошол министрлик көзөмөлдөп, катасын карап анан уруксат бериши керек эле да. Же эмне, «Ме акчаны ал да басып чыгара бергиле!» деп кайдыгер басып кетишкенби? Ошол китеп чыккандан кийин деле колдонууга бергенге чейин бир сыйра барактап койгонго жарабаган бакандай министрлик, аны жетектеген Гүлмира Каримовнаны эмне деп атайбыз? Шалаакылык, жоопкерчиликсиздик деген ушул да…

Булак: “Де-Факто”

Последние новости