www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарындагы мектептердин окуучуларынын арасында “Жаш куткаруучулар” сынагы өткөрүлүп, анда мектеп окуучулары өзгөчө кыржаалдар мезгилинде өздөрүн кандай алып жүрүү зарылдыгын кошумча үйрөнүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, подполковник Кубанычбек Токтосунов билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, №17 орто мектебинин администрациясы менен биргеликте мектеп окуучуларынын өрт коопсуздугу, өзгөчө кырдаалдар боюнча билимин калыптандыруу, өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттерди үйрөтүү максатында 8,9-класстарынын окуучуларынын арасында “Жаш куткаруучулар” кароо-сынагы уюштурулган.
Кароо-сынакка жалпы окуучулардан турган 6 команда катышып, сынактын жүрүшүндө окуучулар “Саламдашуу”, “Аскердик саптык жүрүш”, “Өрт өчүрүүчү-куткаруучуунун күжүрмөн кийимин кийүү”, “Күжүрмөн жайылуу” эрежелерин аткарышты. Ошондой эле өрт, өзгөчө кырдаалдар темасындагы интермедиялар аткарылып, өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттер, өрт боюнча суроо-жоортор болду.
Кароо-сынактын жыйынтыгы менен алган упайларына ылайык, 1,2,3-орундарга татыктуу болушкан командаларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Булак: NazarNews.kg