www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Данияр Шабдановду калкалаган ким?

Карабалта шаарынын мэри Данияр Шабдановду жакын арада кабинетинен кууп чыгабыз дешип, жергиликтүү тургундар, жергиликтүү шаардык кеңештин депутаттары даярданып жатышыптыр. Шабданов элдин көкөйүнө как таштай эле тийсе керек. Анын айынан шаардык кеңеш эки жолу тарап, эки жолу шайлоо өтүп, мамлекеттин казынасынан чыгымдалды. Тендерлер боюнча бир топ иштер мыйзамсыз жасалып, корруниияга белчесинен батканын жергиликтүү калк цифралар менен тастыктап жатышат. Со­оронбай Жээнбеков премьер министр болуп турганда, Карабалтадагы шайлоо боюнча маселени кабыргасынан койгон эле.

Тилекке каршы абал жөнгө салынган жок. Данияр Шабдановду буга чейин Икрам Илмиянов каякалап келгенин билебиз, эми ал Илмияновду жамандап, Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековго таянарын билдириптир. Эми кандай болоор экен? Асылбек деле коррупцияга баткан кишини калкалай албайт го. Эмнеси болсо да эл тынч болсун. Бул маселе да бир топ жылдан бери көтөрүлүп жаткан маселе. Жара ырбап отуруп, акыры ызы-чуу менен аяктабаса эле болду айтор. Бул жигит жаңы бийликтен жаңы «крыша» таап, чонойгону жатыптыр.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости