www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр Жеңишбек Асанкулов «Кыргыз Республикасындагы мыйзам үстөмдүгү - 2-фаза» Программасын ишке ашыруунун алкагында Программанын жетекчисинин орун басары Виктор Кесслер менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бул Программаны ишке ашыруунун алкагында 2020-жылы республиканын бардык облустарында жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларын жергиликтүү бийлик органдарында колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу» темасында семинар-тренингдер өткөрүлгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата китеп-түшүндүрмө тапшырылды.

Аталган түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарына жөнөтүлөт.

«Мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо, жашоонун бардык тармактарында укук жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишиндеги маанилүү багыт болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык деңгээлде жогорку укуктук маданиятты калыптандырууга кызыкдар», - деп жыйынтыктады Жеңишбек Асанкулов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости