www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Жапаров соттор менен жолукту

Ак үйдөн эч ким эч кандай көрсөтмө бербейт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн соттору менен жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчы менен жолугушууга Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына өлкөнүн бардык аймактарынан соттор келишти.

Садыр Жапаров сотторго мыйзамды туу тутуп, акыйкат иштөөсүн айтты.

"Бүгүндөн баштан мен өзүм силерди коргоп, сиздердин көз карандысыздыктын кепилдиги болуп берейин. Сиздер болгону кайраттуу болуп, эптүүлүгүңөрдү көрсөткүлө. Кандай гана кийлигишүү менен басым болбосун каршылык көрсөтүп, бекем болуп бергиле", - деди ал.

Жапаров Ак үйдөн эч ким эч кандай көрсөтмө бербей турганын белгиледи.

"Мен сиздерге байланышуу үчүн түз номеримди берем. Кимден жана кандай басым болбосун түз мага чалсаңар болот", - дейт президент.

Эскерте кетсек, бүгүн, 5-мартта президент Садыр Жапаров сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости