www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң кызматтарда жүргөн адамдар мыйзамды билишпейт. Мындай пикирди легендарлуу парламенттин депутаты, экс-министр, академик Жамин Акималиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Коомчулукта талаш маселе жараткан бул мыйзам болуп жатат. Азыркысы кандай жыйынтык болот белгисиз. Учурда түшүнбөстүктөр болуп жатат. Мыйзамды таануу, сыйлоо деген кыйын нерсе экен. Мыйзамды ар ким каалагандай колдонуп жүрөт. Юристтер беренелерди түрдүү айтып келишет. Мыйзамды тебелегендер бийлик башына келген адамдар болду. Келип эле кааласа сактайт, каалабаса өзгөртөт. 30 жылдан бери ушул менен убарабыз. Мыйзам бышык болушу үчүн калк, коом мыйзамды жакшы билиши керек. Бул жагынан сабатсыздык көп. Карапайым элди айтпай эле коёюн, чоң кызматта жүргөн адамдарды көрүп таң калам, ошолор мыйзамды билишпейт. Ошондуктан мыйзам эмне экенин үйрөтүп, тааныштыруу бул - биздин чоң милдет деп эсептейм”,- дейт Акималиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости