www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку министр Турдубаев 2014-жылдын 20-ноябрында 700 квт/сааттан өйдө “светтин” баасын 2 сом 16 тыйынга көтөргөн. Ал кезде Турдубаев соттолуп келгенине карабай министр эле. Эми да Турдубаев 137 миллиард сомго электр тармагын карызга батырып кетти. Ал күздөн баштап “светке” бааны кымбаттатууну көздөп жаткан. Президент Жапаров президентке шайлоо алдында 700 квт/сааттан кийинки 2 сом 16 тыйынды алып салам деген. Министр болсо кайчы пикирге туруп баа көтөрүлөт деп жаткан. Кыргызстанда 2021-жылы электр энергияга болгон баа өзгөрүүсүз калат. Мындай чечим Садыр Жапаров менен тариф саясаты талкууланган жолугушуудан кийин кабыл алынганын жаңы энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бермурзаев билдирди. Анын айтымында, электр энергиясына болгон мурунку баа — 1 кВт/саатына 77 тыйын төлөнөт. Ал эми 700 кВт/сааттан ашканда 2 сом 16 тыйындан айланат.

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушууда калк үчүн 700 кВт/с лимитти алуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштаганын басма сөз кызматы билдирген. Андагы сунуштар боюнча чектөөлөрдү алып, жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 4 тыйындан сатуу, жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушу бар экени айтылган. Бирок суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар болчу. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын өздүк наркы.

Турдубаевдин туура эмес саясатынан улам “Светтин» наркын 1 сом 48 тыйынга көтөрө турган болсо эл толкуп кетмек. Аз камсыз болгон 110 миң адамга 74 тыйын болуп, коррупция баш көтөрүлмөқк, анткени бул тизме көбөйүп өсмөк. Себеби, бай-манап, көпөс-буржуйлар коррупциялык система менен бечарага айланып 74 тыйындык тарифке кирип алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлмөк. Ошол эле бай-манап, көпөс-буржуйларга арналган 700 квт/сааттан аша турган 2 сом 16 тыйын алынып, бирок электрдин тартыштыгынан улам кышкы мезгилде 1 сом 48 тыйындан төлөй тургандар 1000 квт/сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан төлөйт деген сунуштары менен жүргөн Турдубаевден кутулдук.

“Светке” баа арзандабаса койсун, кымбаттабаса экен

Өзбекстанга барган иш сапарында президент Садыр Жапаров Шавкат Мирзияев менен эки өлкө биригип ГЭС куруу тууралуу маселени карашкан. Апрелдин дал ортосунда кышкы ызгаар ойноп турган Кыргызстан үчүн эң башкы көйгөйлөрдүн бири “светтин” тарифи. Элдин кыжырлануусунун башаты электр жарыгына байланыштуу болуп, бийлик алмаштырууга да бул аярлуу “свет” таасир берип келатат. Садыр Жапаров мамлекет башына келгенде энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 миллиард доллар) карызга жетип калган. Алмашылган энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ушул эле тармакта министр болуп турган 2014-жылы электрге болгон тариф 700 квт/сааттан соң 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн. Ал эми тоолуу райондордо 1000 квт/сааттан соң. Садыр Жапаров президенттик шайлоо алдында Нарын облусунун тоолуу аймактарынын калкы менен жолугушууда 2021-жылдын май айынан баштап бул лимиттер алып салынары тууралуу белгилеген. Албетте, бул жакшы ой, бирок 137 миллиард сом карыз акчасы менен турган бул тармак бул лимиттерди алып салсак, таптакыр шал болуп калбайбы? Эгер көпчүлүк калайык-калкты ойлой турган болсок, май айынан баштап октябрга чейин эч ким деле бул лимиттен өтүп кетпейт. Кышкы суукта гана бул лимит таасир бериши мүмкүн. Ал эми чоң-чоң ишканалар, бизнес чөйрөсү, завод-фабрикалар бул тарифке көнүп калды. Аларды арзандатып койсок 137 миллиард сом геометриялык прогрессия менен өсүп кетпейби? Анан ал карыздардын ордун толтуруш үчүн, кайрадан жалпы калайык-калктын жоон-терисинен камчы алып жалпы электрге болгон тариф көтөрүлүп кеткен жатпайбы? Ошондуктан, “светке” баа арзандабаса койсун, кымбаттабаса экен. Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин да өкмөт өкүлдөрү кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланылбаса өчүрүүлөр орун алаарын эскертишкен. Ушул күндөрү ар кайсы жерлерде жарык кезек менен үзүлүп жатканы кабарланууда. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда.

Биздин мамлекет суу ресурстарына бай, совет мамлекети учурунда курулган ГЭСтер тырмаңдап ушул күнү да электр берип келатат. Эгемендүүлүктү алганыбыз ГЭС куруу боюнча жакшы долбоорлор болду, бирок ар кандай себептер менен ишке ашкан жок. Эми да күн-түн дебей, бел чечпей иштеп Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтерин, Жогорку Нарын каскадын тез арада ишке киргизүү мезгилдин талабы. Токтогул ГЭСинде суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭСтеги абал кескин начарлай турганын энергетиктер эскертишет.

Эмне үчүн Токтогул ГЭСинде суунун деңгээли түшүп баратат?

Токтогул гидроэлектр станциясын камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 млрд. куб метрден ылдыйлап баратат. 2020-жылы көрсөткүч 13 млрд. куб метр болгон. Башкача айтканда бир жыл мурункуга караганда суу 3 млрд. куб метрге азайды. Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар акыркы жылдары суу сактагычтагы суу белгисиз жагдайда агызылып келгенин, натыйжада жылына 5-10% кемип турганын билдирген. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы жайда «Биринчи радиодого» курган маектеринин биринде аба ырайына байланыштуу суу сактагычтарда суу аз топтолгонун, бул алдын ала божомолдонгонун маалымдаган. 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

Электрге тарифти ким көтөрдү эле?

Ленин учурунда жазыптыр: «Коммунизм - бул совет мамлекетин плюс электрлештирүү» -деп. Коммунизмди болсо ортомчу фирмалар гана ойлоп калган. ГЭС салуу боюнча ойлор болуп, 2011-жылдан 2017-жылга чейин Жогорку Нарын каскаддарына ГЭС курам деп 38 млн доллар Орусиядан алынып жок болуп, мамлекет төлөмөр болду. Андан соң чехтердин аферист «Лигласс» фирмасы менен келишимдер түзүлүп, эл араң токтотуп калды. Ошол бойдон ГЭС курулган жок. 70 тыйынга түшүрүлгөн электр 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн. Турдубаев министр кезинде өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 20-ноябрында «Электрэнергиясынын 2014-2017-жылдардагы тарифи жөнүндө» № 660 Токтомго кол койот. Бул Токтомдун негизинде Жылуулук –энергетика комплексинде Мамлекеттик агентчилик (ГАРТЭК) түзүлөт. Казакстандан 1 квт/ саат электрэнергияны 5 сом 61 тыйындан импорттоп алып жатабыз дешип, электрге болгон тарифти көтөрүшүп, 700 квт/ сааттан өткөн ар бир квт/ саат электрэнергиясынын наркын 300 пайызка көтөрөт, электрэнергиянын баасы 2 сом 16 тыйын болуп калат.Ушунун айынан 2014-2015-жылы гана калк 2 млрд. 200 млн сом ашыкча акча төлөшкөн, андан кийинки жылдарды эсептебей эле койолу. 2016-жылдын январынан баштап Казакстандан 1 квт/саат да электрэнергияны алышкан эмес, бирок электрэнергияга болгон баа төмөндөгөн эмес.

ТЭЦти капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн ТВЕА ишканасына 386 миллион доллар алып келинип Кытайга карыз болдук. ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмүркул уулунун билдиргенине караганда ТЭЦти ремонт кылууга 250-260 млн доллар эле жетмек, калганы ашыкча дейт. Соттолгон министр Кубанычбек Турдубаев 2015-жылы гана ТЭЦке жабдыктарды сатып алуу үчүн 200 млн доллар кетирет. Документтер боюнча аттиштер -620 долларга, 30 килограммдык өрт өчүргүчтөр -1600 долларга сатып алынат. №4 казан (котел) 20,7 млн доллар болсо, консультанттардын жардамы 5,9 млн доллар, жетекчилерге кеткен чыгым 14,4 млн доллар болгон. Унаага кеткен чыгымдарга 9,3 млн доллар, долбоор түзүүгө– 11,9 млн доллар, ошолорду окутуш үчүн гана - 845 миң доллар коротулган. Курулушту убактылуу электр жана суу менен камсыз кылыш үчүн 453 миң доллар кеткен.

ГЭС курулса мамлекетке жакшы болмок

Ширшовдун электр боюнча «капиталисттик» схемалары жашап жатса да, 2005-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын экономикасынын оор кырдаалдарына карабай Камбар-Ата ГЭСи курула баштаган. Бишкек ТЭЦин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн эки долбоор каралып жаткан, бири 150 миллион долларга, экинчиси ТВЕА ишканасы 200 миллион долларга. Токтогул ГЭСинен Өзбекстан менен Казакстанды аралабай чет мамлекеттерден өз алдынча болуу үчүн «Датка-Кемин» долбоору жактырылып, ишке кирүү стадиясында турган.

Светтин тарифи 1 тыйындан 140 сомго чейин көтөрүлгөн убак болгон

1990-жылдан 2005-жылга чейин 15 жыл. Эч бир ГЭС курулган эмес. ГЭСтерди, ТЭЦти менчиктештирүү боюнча бийлик тараптан катуу аракеттер болуп, акыры эл бийликти кетирүүгө мажбур болгон. Гиперинфляциядан улам электрге болгон нарк 1 квтка 1 тыйындан көтөрүлүп отуруп 140 сомго чыккан. Улуттук валюта киргизилип акчанын наркы 200 эсе түшүп, 1 квтка 70 тыйындан айланган. 1 тыйындан 14 000 тыйынга (140 сом) көтөрүлүү менен элдин эң таянган өзүбүздөн чыккан электри кол жеткиз товарга айланган.

Союз убагында светтин тарифине «коммунизм» болчу

1961-жылдан баштап СССР тараганга чейин доор, отуз жылга чейинки убакыт. Кыргызстан киши башына электр берүү боюнча, бир гана СССРде эмес, дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Токтогул, Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Быстровка жана башка көптөгөн ГЭСтер, Бишкек ТЭЦ-1 курулган. ТЭЦ-2 курулуп бүтүп калган. Электрге болгон нарк 1 квт саатка эң төмөн 1 тыйындан болгон. Ал эми мугалим сыяктуу кээ бир бюджеттик кызматкерлер бекер пайдаланган.

Раззаков Исхак 1950-жылдан 1961-жылга чейин 11-жыл Кыргызстан компартиясын жетектеген. Раззаков жетектеп жаткан учурда Аламүдүн, Лебединовка, Пржевальск ГЭСтери курулган. Ильич шамын көрбөгөн көп айыл-кыштактарды электрлештирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости