www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту бүгүн, 15-июлда, "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва — Тамчы — Москва жаңы каттамын салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын маалымат кызматы кабарлады.

Москвадан Лихачев атындагы Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келген. Адаттагыдай учакты "триумф аркасы" — суу аркасы менен тосуп алышканы айтылат.

"Аэрофлот — россиялык аба жолдору" компаниясынын өкүлү Валерий Серых каттамды ачуу көптөн бери пландалып келе жатканын билдирген.

"Биз бул Москва — Тамчы — Москва маршруттук каттамын үч жыл мурда ачууну пландаганбыз. Бүгүн ал ишке ашканына кубанычтабыз. Каттам жумасына үч ирет — дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы", — деген Серых.

"Ысык-Көл" аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов бул каттамдын компания жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары менен коноктору үчүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Ал рейсти ачуу эки тараптын аракети жана макулдашуусу менен ушул жылдын июль айына белгиленгенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости