www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде ушул тушта 100гө чукул жүк ташыган машина топтолуп турат. Бул тууралуу Кырызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады.
Ага ылайык, машиналардын мындай узун кезеги жүк ташуу көбөйгөн маалга байланыштуу жана кадыресе кайталанган көрүнүш.
“Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттерде адамдардын жана машиналардын узун кезеги жок. Жүк ташыган автоунаалар “Кең-Булуң” өткөрмө бекети аркылуу өтсө дагы болот”,-деп айтылат маалыматта.
Кыргыз-казак чек арасында "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Чоң-Капка", "Каркыра" бекеттери бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.
Булак: NazarNews.kg