www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Республика - Ата-Журт" фракциясынан ЖК депутаты, Табалды Тиллаев "Өкмөттүн чек ара боюнча кечиккен ишин эс алуудан кийин талкулайбыз" деп, АЗИЯnews гезитине маек берди.

-- Таабалды мырза, Баткендеги чек арага байланыштуу Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алды эле. Анын аткарылышы кандай болуп жатат?

-- Баткендеги эки элдин кагышынан кийин Жогорку Кеңеште эки токтом кабыл алынган. Бири жабык эшикте каралып, кабыл алынса, экинчиси боюнча өкмөткө бир катар тапшырмалар берилген. Тилекке каршы, өкмөт кечигүү менен жумуштарды алып барды. Бирок, тийиштүү комитеттин акыркы жыйынында аткарылган иштердин алкагында отчет берилди. Ал жерде 220 миллион сом акча бөлүнгөнү айтылды.

-- Ал каражат эмне маселени чечүүгө сарпталат?

--«Бул сумма Баткеңдеги чек ара көйгөйүн чечип коет» дегеңден алысмын. Бюджетибиздин тартыштыгын да эске алуу керек. Анын үстүнө, бир облуска мынча сумма каралганы жакшы көрсөткүч. Баткенден башка да чек аралар бар да. Жалал-Абад, Ошто, Казакстан менен Талас четтешет.

Ал эми бөлүнгөн 220 миллион сом Ак-Сай -Там-дык, Ак-Сай - Рават жолдорун курууга, жана башка аймактагы бир нече майда маселелерди чечкенге жетет. Себеби, Баткендеги эң чоң көйгөй жол маселеси. Акыркы убак көргөздү. 200 миңден ашык калк жашаган Лейлек району жана Баткендин кээ бир айыл өкмөттөрү жол жабылып калганда, өтө турган жол жогунан жаш балдардан тартып, кары - картаңдарга чейин ооруп-сыркап калышканда өз мамлекетиндеги бейтапканага, же социалдык мекемелерге өтө албай калышкан учурларга дуушар болушту.

Ошон үчүн биринчи кезекте жол маселесин чечип коюу зарылдыгы бар. Андан сырткары, өкмөткө дагы талап койдук, жайкы эс алуудан келгенде токтомдун аткарылышы богонча комитетте, палатада карайбыз.

-- Чек ара проблемасынын үстүнөн иштеген өкмөттө атайын программа бар. Эмнеге анын алкагында эч нерсе чечилбей жатат?

-- Өкмөт биз койгон көйгөйлөрдүн үстүнөн активдүү иштеш керек. Негизи эле, баардык чек ара аймактары боюнча иш алып барышат. «Делимитация жана деморкация» программасынын үстүнөн бир нече жылдан бери иштеп келатышат. Бирок, бул нерсе өкмөттүк, керек болсо, мамлекет башчыларынын деңгээлинде чечилет.

Булак: Динар Турдугулова, АЗИЯnews

Последние новости