www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Неге Атамбаевдин ишин иликтеген депутаттык топко неге нейтралдуу адамдар эмес, Атамбаевге таарынычы, өчү, кеги бар депутатар кирип алган деген сындар айтылып жатат. Булар адилеттүү чечим чыгарабы же жогору жактын тапшырмасын гана аткарабы?

--Баары эмес, 2-3 депутат жөнүндө айтылып жатат. Бирок, алар өч ала албайт. Эгер өч алгылары келсе, анда Атамбаевдин үстүнөн ондогон иштерди көтөрүп чыгышып, айласын кетиришмек. Бул жерде аларга сунушталган 20дан ашуун иштин тогузун калтырып, булардан алтоосун эле алып чыгып жатышат. Эгерде комиссия мыйзамды бузуп, же өч алуу аракетине барса, анда палата алардын чечимин колдобой коймок. Булар палатадан өткөрүү үчүн, андан өтө турган алты эле ишти алып чыгышты. Булар Батукаевди мыйзамсыз чыгаруу, ТЭЦтеги арвария боюнча кылмыш иши, Кой Таштагы 2,7 га жер участкасы деген сыяктуу иштерге токтолушту. Ачыгын айтыш керек. Чынында депутаттык комиссия токтолгон иштердин баары  Атамбаев президент кезинде эле резонанстуу иштерден болгон. Бирок, Атамбаев кызматта турган мезгилинде аларды териштирип, бүтүм чыгартууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Керек, болсо, ТЭЦтеги авария боюнча кылмыш иши да ачылган эмес. Бир дагы мамлекеттик чиновник кызматтан кеткен эмес. Айтып коючу нерсе, чет өлкөлөрдө мындай учурда экс-президенттин жаш кезиндеги кылмыштары да тергелет жана юридикалык баа берилет.

--Бийликтин Атамбаевди камоого багытталган аракети эмнеден кабар берет?

--Бул күтүлгөн эле нерсе болчу. Себеби, Атамбаев бийликте турган кезинде эле коомчулук андан, бүгүн ага айып коюлуп жаткан кылмыш иштери боюнча чындыкты ачыктоону талап кылган болчу. Мисалы, А. Батукаевдин мыйзамсыз эркиндикке чыгарылышы боюнча, Бишкек ТЭЦке комур ташуу боюнча боюнча андан башка да Атамбаевдин бийлиги учурунда өтө көп күмөндүү жана чулгандуу иштер ачылбай келген. Ошол кезде эле бийликти узурпациялап алып, өлкөнү каалагандай башкарып жатат деп айпытап Атамбаевге импичмент жарыялоо маселесин "Ата Мекен" фракциясы көтөрүп чыккан. Бирок, атамекенчилер колдоо таппай калган. Бийлик болсо, анын лидери Ө. Текебаевди камап салып, убактылуу тыныгуу алган. Кыргыздар "Кыңырк иш кырк жылда да билинет" дейт эмеспи. Анысынарындай, ТЭЦтеги авариядан кийин, Атамбаевдин учурундагы кылмыштардын баары четинен ачылып, коомчулукка белгилуу болуп жатат. Тарых жана өлкөдө болуп жаткан коррупция менен күрөш баарын өз ордуна коюп жатат. "Эмне эксен ошону, аласың дегендей, Атамбаев 6 жыл өз элине, Кыргыз мамлекетине, элине, элитасына каршы кандай наадандык, зулумдуктарды, алдым-жуттумдуктарды көрсөтсө бүгүн  ошонун баары ачыкталып, өзүнө каршы иштеп жатат. Бул Кыргызстандын бардык саясатчыларна чоң сабак болмой болду.

--Бирок, Атамбаев кой таштагы үйүндө тарапташтары менен болгон жолугушууда  парламентте карала турган заседаниеге да, сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун ачык эле айтты го?

--Атамбаев бул билдирүүсү менен коркуп калганын билдирип жатат. Ал мындай болуп кетээрин  күткөн эмес. Мурдагыдай эле ар кимге догурунуп, ар кимди кемсинтип, мазактап жүрө берем деп ойлогон. Парламент аны ооздуктап, балп этмелерин токтотуп, өлкөгө кичине тынчтык алып келели деп, баары биримдикте аракет кылат деп ойлогон эмес. Атамбаев эми гана абалдын өтө татаалдашып кеткенин түшүндү. Атамбаевдин курал менен коргоном дегени да туура эмес. Анткени, ошентип олтуруп, ал эгер бир нерсе болуп кетсе, анда жанындагылардын баарынын убалына калышы мүмкүн. Бөөдө өзү менен кошо башка адамдарды да темир тор артына ала кетиши мүмкүн. Эгер Атамбаев курал колдонуп, атышып кетсе, же элди көтөрөм деп аракеттенсе, анда анын күнөөсү мындан дагы оорлойт. Жазасы дагы катуулайт. Аны ал өзү жакшы билет. Ак үйдүн 7-кабатына олтуруп алып, С. Жапаровду, Б. Талгарбеков, Б. Асанов жана башкаларды менин бийлигимди төңкөрүш жолу менен тартып алганы жатат деп, жок шылтоолор менен каматып жибербеди беле. Анда өзү да келме кезекке кептелип камалып кетиши мүмкүн.

-Экс-президенттин командасы муну бийлик өз кемчиликтеринен коомчулуктун көңүлүн башка маселеге буруу кадамы катары сыпаттап жатышат го. Алардын айтканынын да чындыгы барбы?

-Жок. Бул болбогон кеп. Атамбаев буга чейин бардык конфликттерди, чырларды өзү баштап, өзү менен өзү кармашып келди. Бокста машугуунун бир түрү бар «Бой с тенью» деп коет. Ошондой болуп Атамбаев өзү менен өзү же өзүнүн көлөкөөсү менен чабышып келди. Ага эч ким каршы жооп берген жок. Ал өзү эле догурунуп, балп эттирип, кемсинтип келди. Ошентип олтуруп КСДП фракциясы менен карама-каршы болуп алды. Анан коомчулукка да өзүн карама-каршы коюп алды. Парламент комиссия түзүп, кол тийбестигин алууга аракеттене баштагандан бери Атамбаев үчүн «бой с тенью» бүттү. Атамбаев эми мурда кемсинтилип келгендерден конкреттүү жооп алганы жатат. Буга ким күнөөлү, албетте, эң биринчи Атамбаевдин өзү күнөөлүү. Атамбаевдин тегерегинде жүргөн депутаттар А. Кодуранова, И. Карамушкина, К. Орозова, Ф. Ниязов, А. Артыков жана башкалары да күнөөлүү. Ошолор айтыш керек болчу да. Биздики туура эмес болуп калды. Эми кеч болуп калды деп.

--Атамбаев депуттардын койгон дооматы жалган деди го. Ошондо депутаттар Атамбаевди каралаш үчүн жок нерселерди айтып, коомчулукту дүрбөлөңгө салып жатабы?

--Депутаттык комиссия жок нерсени көтөрүп чыгып, айыпка жыга албайт. Алардын иши 120 депутаттын элегинен өтөт. Анан прокуратура карайт, анан соттор да карайт. Бул процесстерге бүтүндөй кыргыз эли көз салып турат дегендей. Анан эми, жалган айткыдай, депутаттык комиссиянын эки башы бар бекен.

--Биринчи май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, анын үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана ага байланышы бар деген адамдардын банктагы эсептерин текшерүүгө уруксат бергени эмнеден кабар берет?

--Бул Атамбаев менен эч ким тамашалап же ойнойлу же коркутуп коелу деп жаткан жок дегенди билдирет. Бүгүн саясий элита да, эл дагы бардык чындыкты билгиси келип жатат дегенди билдирет.

--КСДПнын тагдыры кандай болушу мүмкүн? КСДП Сагынбек Абдырахмановго өтөбү же Атамбаевде калабы?

--КСДП партиясы «Экс-президент жөнүндөгү» мыйзамга акыркы өзгөртүүлөр киргизилгенден баштап Сагынбек Абдрахмановго өтүп кеткен. Себеби, жаны жобого ылайык, экс-президент саясий же мамлекеттик кызматты ээлей албайт. Эгер саясат менен аракеттенем десе, ал автоматтык түрдө бардык артыкчылыктарынан ажырайт. Бул мыйзам чыгаары менен Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан кетип, өзүнүн ордуна А. Кодуранованы убактылуу төраганын милдетин аткаруучусу кылып бекиткен. Бирок, Кодуранованы съезд бекиткен эмес. Ошондуктан, бүгүн С. Адрахманов КСДП партиясынын жалгыз лидери болуп калды. Ошого соттор да Кодуранова тараптын пайдасына чечишпейт.

--Атамбаевди жамандап, жаңы президентке жан тартылганы менен анын кадр саясаты купулума толгон жок дегендер четтен чыгат. Президент кадр саясатынан аксап жатабы?

--Ачыгын айтыш керек Сооронбай  Жээнбеков бийликке келгенден бери туруктуу кадр саясаты жүрүп жатат. Ал көпчүлүгундө өз ишин билген, компетенттүү, областык деңгээлде башкаруучулук кызматтарда иштеп келгендерге өзгөчө көңүл бурду. Мезгил анын адашпагандыгын көрсөттү. Бүгүн ошол кадрлар өз ишин мыкты алып кетишти десек болот. Албетте, айрымдарына жаңы иште бир аз убакыт керек болду. Айрымдары дароо алып кете алашты. Мисалы, УМКнын мурдагы жетекчиси И. Кадыркулов өзүн жаңы кызматта мыкты көрсөтө алды. Ал буга чейин УМКК жетекчилиги жасай албаган иштерди аткарып, элди таң калтырды. Ал коррупия менен күрөштө өлкөнүн сыртында жүргөн эски аткаминерлерди кармап келип, камоого жетишти. Алсак, Атамбаевдин шоопуру, оң колу И. Ильмияновду Москвадан, ал эми бажа кызматынын мурдагы жетекчиси Жунушовду Бакудан кармап келишти. Адеп өз ишин жеткиликтүү аткара албагандай көрүнүп жаткан генпрокурор Ө.Жамшитов бүгүн алда канча мыкты иш алып барып жатканы байкалууда. Бирок, ошол эле учурда Премьер-министр жана өкмөт кадр тандоодо бир топ чабаал иш алып барып жатканы байкалууда. ММКлар премьер өзгөчө өзүнө туугандык жакындыгы бар, жердешчиликтен арыла албай жатканын жазышууда. Бул жакта кландык (укум-тукум, таяке-жээн), жердешчилик ж. б. у. с. трайбалисттик көз караштардан арыла албай жаткандыктары оркоюп көрүнүп жатат. Президент коррупция менен күрөш жүргүзүп жатса, премьер Абылгазиев мурда коррупцияга шектелген кадрларды кайрадан чоң мамлекеттик кызматтарга алып келип жаткандыгына эл айран таң калып жатат. Атамбаевдин учурундагы өкмөт мүчсөлөрүнүн  ММКлар сындап бүтпөй жатат. Абылгазиев аларды маңдайынан сылап, корголоп, колтугуна кысып, жан үрөгөнү бүтпөй келет.

Элде Абылгазиев Президент С.Жээнбековдун саясатына атайылап диверсия кылып жатабы деген создор айтылып жатат.

Чынайым Кутманалиева, Майдан.кж

Последние новости