www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баланын өз ата-энесинин колунда мээримге бөлөнгөнү ал үчүн чоң бакыт эмеспи. Бирок айрым адамдар жеке турмушунда жаңылып, кайрадан үй-бүлө күткөндө ортодо балага эле кыйын болот экен. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Махабат жалгыз кызы менен аны өгөйлөгөн экинчи күйөөсүнүн азабын кантип тарткандыгы тууралуу төмөндөгүдөй баяндап берди.

- Учурунда ала качуунун курмандыгы болгон элем. Күйөөм менен отум күйүшпөй эки жылдан кийин ажырашып кеткем. Бир кызым бар. Ал мектепте 9-класста окуйт. Биринчи турмушум бузулгандан кийин бир топ жыл жалгыз бой жүрдүм. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп колумду сураган эркектерге оңой менен ишенчү эмесмин. Бир жагынан "кызым менен тил табыша албайт го" деп кыжалат боло берчүмүн. Менин кыйналып жашаганымды көргөн туугандарым "ылайыктуу бирөө табылса тийип ал" деп ачык эле айта башташты. Күндөрдүн биринде мен иштеген мекемеге бир жигит ишке орношуп калды. Ал экөөбүздүн жылдызыбыз эмнегедир келишип калды. Азамат менден төрт жаш кичүү болгонуна карабай "сага үйлөнбөсөм болбойт" деп артымдан чуркай баштады. А мен ага анча ишенбей: - Экөөбүз баш кошкон күндө да кызым экөөңөр батыша албайсыңар го?-дедим болгон чындыкты айтып.

- Андан кам санаба. Кызыңды эч качан капа кылбайм. Экөөңөрдүн кыял-жоругуңарга чыдайм. Ишенчи, жаным,-деп жалооруп жиберди. Анан бул сөзү менен эле чектелип калбастан "сага үйлөнбөсөм өзүмдүн жанымды кыйып салышым мүмкүн" деп коркуткандай түр көрсөттү. Акыры жанымды койбой жатып менин макулдугумду алды... Биз турмуш курганда анын айылдагы ата-энеси мени жакшы эле кабыл алды. Ишибизге байланыштуу кайра шаарга келдик. Өзүбүздүн үйүбүз жок болгондуктан батирде жашай баштадык. Азаматтын тапканы батирдин акысы менен тамак-аштан артчу эмес. А мен айлыгымды жалаң кызыма коротчумун. Ушундан улам күйөөм экөөбүз көп урушчубуз. Анын үстүнө кызым да эрке болгондуктан үйдөн жумуш жасабаганы уруштун күчөшүнө ого бетер себепкер болду. Бир жолу күйөөм анын телефон чукулап отурганына кыжыры келип: - Тигил эмне ханышабы? Үйдү жыйна дебейсиңби?!-деди ага нааразы болуп. - Тигил деп айтпа...Үйдү өзүм эле жыйнайм!-дедим кызыма болушуп. Ошону менен экөөбүз бир топко чейин кыжылдаштык. Күйөөм акырында айтышкандан тажап кетип "мен башка катын алам" деп үйдөн чыгып кетти. Кызыма эрегишип телефонун өчүргөнү аз келгенсип үйгө бир жума келбей койду. Бул аралыкта ал тууралуу ар кандай ойлорду ойлоп жаман акыбалда болдум. Эмне кыларымды билбей болгон күчүмдү кызымдан чыгарып: - Сен болбогондо биз бактылуу жашамакпыз. Ушунун баарына сен күнөөлүүсүң,-десем ал байкуш буркурап ыйлап: - Апа, мен каякка барып жашайм? Сизге күйөө эле керек болсо мен азыр эле чыгып кетейинчи,-деп кийимдери менен кошо өзүнө керектүү буюмдарын чогулта баштады. Аны алдап-соолап жатып араң токтоттум... Күйөөм келгенде мага тултуюп сүйлөбөй койду. Мен дагы өз жайына койдум. Качан гана кызым экөөбүз эне-баладай болуп сүйлөшө баштаганда болбогон жерден эле чыр чыгарган адат таап алды. Биз менен чогуу олтуруп тамак ичпейт. Азыркы кезде экөөнүн ортосунда чайналып бүттүм. "Балалуу аял жалаалуу аял" демекчи, эси жок эрке кызым менен өзүмчүл өгөй атасынын азабын тарттым. Кээде экөөнөн тең тажаганда баардыгын жыйыштырып бир жакка тентип кетким келет. Ачыгын айтсам мага экөө тең керек. Эмне кылсам экен?..

Даярдаган: Нурпери ИСАБЕКОВА

Булак: "Багыт.kg"

 

Последние новости