www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ширин Айтматованын коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү акыркы билдирүүсү элдин баарын таасирлентпеген өңдөнөт. Мисалы, Виктор Гавришев аттуу Бишкектин жашоочусу анын сөздөрүнө ишенбөөчүлүк көз караш менен карайт.

Виктор Гавришевдин айтымында, коррупциянын гүлдөшүн чагылдырган киши - дал ошол Ширин Айтматова менен чогуу жашайт. Сөз болжол менен Айтматованын жолдошу деп аталып жаткан Сыргак Кенжебаев жөнүндө болууда.  Виктор Гавришев бул тууралуу VB.KG агенттигине айтып берген.

“ГлобалАзия Телеком” компаниясынын кызматкерлери жана Виктор Гавришев кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

- 2005-жылы мен “ГлобалАзия Телеком” компаниясын негиздедим. Кийинчерээк өлкөдөгү саясий туруктуулук болбогонуна байланыштуу мени менен инвесторлор кызматташуудан баш тартышты.

2010-жылы Санкт-Петербургдагы өнөктөштөрүм компанияны жандандырууну сунушташты. Мына ушул жерден компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири, эл аралык класстагы аферист Богданов Сергей Вальеревич пайда болду. Богдановго Орусиялык өнөктөштөр ири суммадагы акчаларды жиберип турушкан. Ошол жиберилген акчалар табышмактуу түрдө жоголуп, Богданов актануу үчүн мага жана менин коллективиме жалаа жабууда. Сыргак Кенжебаев ушул убакта пайда болуп, Богданов менен тергөөчүгө ортомчулук кылган. Ошондой эле ал Аида Салянова башында турган генералдык прокуратура менен байланышты камсыздап турган.

Гавришев: “Сыргак Кенжебаев Богдановго, укук коргоо органдарындагы алардын өнөктөштөрүнө ар тараптуу жардам көрсөтүп, мага, менин уулума жана бир канча кишиге  коюлган кылмыш ишинин ачылышына катышкан. Анын үстүнө ички иштер бөлүмүндөгү баламды тергөө процессине катышып, уулумду жеке Сыргак Кенжебаев көкүрөгүнө үч жолу урган. Анын баарын балам телефонго жаздырып алганга жетишкен. Бул 6 жылдан бери созулуп келаткан татаал иш. Бул кылмыш иштин алкагында Кенжебаевдин досу, тергөөчү – Баялиев тергөөнүн ар түрдүү ыкмасын колдонуп жатып, бул ишке катышы бар фигуранттардын бирөөсүн суицидге жеткиришти”,-деп билдирди.

1-жолу Гавришевди жана анын кесиптештерин 625 миң долларды өздөштүрүүдө күнөөлөшкөн.

Тергөөнү Урмат Баялиев жүргүзгөн.

“Бизде бардык тинтүү иштери жүрүп, бардыгыбызды тергешкен. Биз Богданов менен беттештирүүнү талап кылгандан соң, Богданов арызын кайтарып алып, иш жабылган. Бирок мындай мезгилде арызды кайтарып алуу кылмыш жана жаза кодексине туура келбешин билебиз. Башкы прокуратурага жазылган биздин өтүнүчүбүз четке кагылды.

Тинтүү  компаниянын техникалык директорунун үйүндө да жүргүзүлүп, 20 миң доллар анын үйүнөн алынган. Тинтүү  иштерин Баялиев менен ИИМдин бир нече офицерлери жүргүзүшкөн.  Ошол акча да азыр дайынсыз. Кийин 20 миң долларды уурдагандар офицерлер болуп чыгышты. Кенжебаев техникалык директорго келип арызын алууну суранган, кыскасы, ал бардык жерде пайда болуп, кайра жоголууда.

Жыйынтыгында эч кандай 625 миң долларды, сейфти табышпады. Жөн гана Кенжебаевдин менин уулумдун финансы-экономикалык ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндөгү арызы бар. Уулум болгону камсыздоо менеджери гана болгон. Алардын максаты - мен. Акчаны алар менде деп ойлошкон.

Богданов өзүнүн актыгынын далили катары авианакладнойдун көчүрмөлөрүн алып барган. Мунун өзү мыйзам бузуу болуп саналат.

 Далилдин баары Орусиядагы, Кипрдеги да компаниялардын ээси Богданов экендигин көрсөтүп турат. Мен далилдерди 2014-жылы эле көрсөткөмүн. Орто жолдон жасалма документтер да пайда болуп калат, ошондуктан мен документ иштерине сак боломун.

Тергөөчүлөр улам алмашып отуруп азыр 8-тергөөчү иштеп жатат.

Соттун жүрүшүндө адвокаттардын басымынын астында Баялиев  Кенжебаев ага таасир бергендигин мойнуна алган.

Баялиевди мен адепсиз, садисттик көз карашка жакын адам дээр элем. Анткени, өзүн алып жүргөнүнө караганда ал бирөөлөрдүн кыйналганынан ырахат алат көрүнөт. Бирок, кайтар дүйнө, ага да кайтат.

Ширин Айтматова жолдошу чет өлкөдө экендигин айтып, муну Матраимов уюштурган  каралоо деп атады.

Ал эми Гавришев  Ширин Айтматова менен анын жолдошун түз эфирде бетме-бет жолугушууга чакырды.

“Жалган маалымат берген адам мыйзам алдында жооп берет, мен ар бир сөзүмө жооп берем”,- дейт Гавришев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости