www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талайбек Байгазиев:

Бул кышта Кыргызстанда электр жарыгы өчүрүлбөйт, бирок келерки жыл катаал болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ААКнын башкы директору Талайбек Байгазиев билдирди.

Байгазиевдин айтымында, электр энергиясын колдонуунун көлөмү бардык аймактарда жогорулады.

--"Биз калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз. Кургакчылыктын айынан Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз. Келерки жыл кандай болору белгисиз. Суу сактагычка агып келчү дарыялардын башына кар жакшы жаабаса, келерки жылда кыйынчылык жаралат ", — деди ал.

Ошондой эле жетекчи керектүү көлөмдү сактап туруу үчүн электр энергиясын импорттоо керектигин кошумчалады. Учурда КР бир нече миллиард киловатт-саат электр энергиясын топтошу керек. Азыр аз гана көлөмдө импорттолуп жатат.

Белгилей кетсек, "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" электр энергиясын таратуу, жоготууларды аныктоо, энергетика системасындагы балансты кармоо жана дүң рынокту түзүү менен алектенет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости