www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талант Мамытов Россияга иш сапары менен барды

КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кечээ, 6-декабрда Москвага иш сапары менен келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болоору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Россиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы - КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Иш сапарынын соңунда Жоргорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясында жашаган мекендештер менен жолугушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости