www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Талантбек Солтобаев жаңы аба каттамдарды ачуу маселелери боюнча "Jazeera Airways" авиакомпаниянын вице-президенти Ратанкумар Ратнакар менен жолугушуп, кирешелерди башкаруу жана тармактык пландаштыруу тууралуу талкуулашты.
Маектешүү учурунда Талантбек Солтобаев министрлик авиакомпаниянын Кувейт-Ош-Кувейт аба каттамын кайра жандандыруу жана Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамы боюнча жаңы туруктуу аба каттамын ачуу демилгесин колдой тургандыгын, бул географияны кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Ал эми, "Jazeera Airways" авиакомпаниясынын вице-президенти Ратанкумар Ратнакар Кувейт-Ош-Кувейт каттамын 2-февралдан тарта кайра жандандыруу, Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамын 4-февралдан тарта ишке киргизүү пландалып жатканын маалымдады. Ошондой эле ал авиакомпания бешинчи даражадагы эркиндик укуктарын пайдаланып, Кыргызстан аркылуу Азия өлкөлөрүнө жана башка пункттарга учуу демилгесин көтөргөнүн айтып өттү.
Булак: NazarNews.kg