www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун тургуну Шүкүрбек Осмонов, Садыр Жапаровго Кайрылуу жасап, жергиликтүү энергетика тармагындагы коррупциянын бетин ачты.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Мен, Осмонов Шүкүрбек Аттокурович тээ Союз убагынан бери энергетикалык тармакта эмгектенип келатам. Азыр «Түндүкэлектр» Талас филиалында иштеп жатам. Мен ушул убакка чейин эч кимге кайрылуу жазган эмесмин, биринчи жолу жазып жатам. Менин кайрылуума көӊүл буруп койсоӊуз, өтө маанилүү: экономика, кадр маселеси тууралуу сөз болот.

Мен президенттик ,шайлоого аттанган талапкерлердин арасынан сизди тандадым, колдойм. Себеби, программаӊызды окудум. Бирок, ал жерде бир нерсе эске алынбай калыптыр. Ал стратегиялык обьектилер, ушуну программаӊызга киргизип кетсеӊиз. Себеби, энергетикалык системада көйгөйлүү маселе өтө көп, тилекке каршы, ал курч боюнча калууда... Бул маселе экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Мына, сырткы карызыбыз 105 млрд.сомдон ашып кетти, аны эртеби, кечпи кутулуш керек. Мындай маселеден кутулуу үчүн мыкты кадр керек, дегеним энерго системага мамлекетке чындап күйгөн, эл, жерин сүйгөн, өзүӊүз айткандай, кесипкөй электрик келиш керек!

1997-жылга чейин энергетикалык тармакты Эмгек сиңирген энергетик Жамалбек Түлөбердиев элди бөлбөй, жарбай башкарып, бул тармакты алдыга жылдырган. 1997-жылдан баштап, бул тармак артка кетти, себеби иштин көзүн билбегендер келди. Тагыраак айтканда, Аскар Акаевдин мугалимдери келип башкарып, талкалашты. 2000-жылдан кийин, А.Ширшовдун командасы келип, таптакыр талкалады, энергосистемасын жетиге болуп салды. Бизди кимдер гана башкарган жок. Акаевдин убагында мугалимдер башкарса, Атамбаевдин бийлигинде аптекарь, бухгалтерлер башкарып, жеп, ичип кетишти. Далил менен айтсам, эки жолу аптекарь Осмонбек Артыкбаев министр болду, анан бухгалтер Аскарбек Шадиев министр болду. "Улуттук энергохолдинг" компаниясын башкарууга жаш бала Айбек Калиевге беришти. 2020-жылдын октябрь айына чейин, бизнесмен (арак пиво саткан) Айтмамат Назаров башкарды. Булардын баары эмне болду, көбү соттолду, Шадиев Кыргызстандан качып кетти. Кыскасы, ушундай кадрлардын азабынан башкалаабыз Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) коррупциялык схемалардын ордосуна айланды. Мына, азыркыга чейин А.Ширшов жана башкалардын кадрлары жетекчилик кызматтарда иштешүүдө. Булардын бардыгын тез арада алмаштырмайын, Энергосистема оӊолбойт!

Эми тышкы карызга токтолсок. Андан кутулуунун жолу кандай?

1.Ортомчу 26 компанияны "Рассвет Компани" ишканасына өткөрүш керек. Дагы бир мисал Таластагы "Жерүй" алтын кенинде 110/35/6 кв.подстанциясы курулган. 2017-жылдан 2020-жылдын апрель айына чейин подстанцияны куруп, 69 тыйындан пайда көргөн, ортомчу "Электросила" компаниясы болгон. Ал куруп жатканда көп кишилер иштеген, бүткөндөн кийин "дүжүр электромонтерлор" иштешкен жана дагы деле иштеп жатат. Иштегендерге киреше салыгы (подоходный налог), соцфонд төлөнгөнбү? Менимче, төлөнгөн эмес.

2020-жылдын апрель айынан баштап "Аю" фирмасы "Нур Али" энергокомпаниясын тейлеп жатат. Жогорудагы айтылган эки ортомчу компания 69 тыйындан таза пайда көрүүдө. Ушул каражат мамлекеттин пайдасына түшсө, сырткы карыздардан кутулууга пайдасы тиймек. "Жерүй" алтын кени алтын чыгара баштаса, "Нур Али" ортомчу компаниясы бир жылда миллиондогон акча таза пайда көрөт. Мен 2020-жылдын март айларында, мурдагы губернатор Марат Мурталиевге үч активист менен барып, түшүндүрүп айткам жана Талас филиалынын директору аркылуу "Түндүккэлектр" ААКнын жетекчисине кайрылгам. Тилекке каршы, эч кандай реакция болгон жок.

Ортомчу компаниялар, энергетика боюнча эксперт Сапар Аргынбаев расчет боюнча мурдагы эки президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Алардан эч кандай жооп болгон эмес.

"ЭлектроСила" ортомчу компаниясынын башчысы Али-Магомед Водянов деген 2015-жылы Өмүрбек Текебаевдин "Ата Мекен" партиясына 24 тизме менен кирген. Мына, так ушундай, ортомчу компанияларды колдогон адамдар жогорку кызматта  отурушат. Анан кантип экономика өнүксүн?..

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Мен сизге кызмат үчүн кайрылып жаткан жокмун. Себеби, мен 62 жаштамын, ардагер энергетикмин. Жогоруда мен айткандар жөн эмес, жүйөөлүү маселе. Андыктан кулак сыртында калат деп ойлобойм. Кайрылууга жакшылап көӊүл буруп койсоӊуз. Кыргыз эли үчүн ак, таза кызмат кылат деп тереӊ ишеним бар, үмүт чоӊ. Алдыдагы президенттик шайлоодо ийгилик каалайм!

Сизди урматтоо менен Талас облусунан Шүкүрбек Осмонов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости