www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таластагы төрт райондон төрт атчан жигит Кытайдан келе жаткан кыздарды тосуп алуу үчүн Торугарт чек ара өткөрмө пунктуна жолго чыгышты. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Облус башчы Эрмат Жумаев атчандарга ийгилик каалап, буларды билдирди.
"Биз үчүн маанилүү күн. Кытайдан атайын атчан келе жаткан кыздарыбыз эки элдин ынтымагын тилеп, төлгө кылып, Манас атабыз жердеген жерге келе жатышат. Аларды биздин төрт атчан жигитибиз алдынан тосуп алууга бара жатышат. Эки элдин ынтымагы улана берсин, эң башкысы элибизде ынтымак болуп, аман-эсен барып келиңиздер", - деди Жумаев.
Жигиттерди аксакал батасы менен узатты. Учурда кыздарды тосуп алуу салтанаттуу иш-чарасы уланууда.
Кытайлык кыргыз кызы, белгилүү блогер Ризаа сиңдиси менен Кытайдан Кыргызстанды көздөй атчан келе жатышат. Алар Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан чыгышкан.