www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандын жаңы бийлиги болуп эсептелген Талибан* кыймылы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду өлкөдө демократия жетишсиз деп сындады. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.

Тажик бийлигине мындай сынды социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыймылдын өкүлү Инамулла Самангани жазды. Twitter тармагында ал Эмомали Рахмондун саясатына нааразы экенин билдирди.

"Ал президенттик тактыда 27 жылдан бери отурат. Эми дагы алты жыл өлкөнү башкарып, андан ары дагы бул кызматта калып калышы мүмкүн. Тажикстанда өкмөттүк беш партия гана шайлоого катыша алат. Анан ушул адам Афганистанда шайлоону кантип өткөрүшү керектигин үйрөтөбү?" — деди Самангани.

Агенттиктин жазганына караганда, талибдер буга чейин Тажикстанды эки ирет сындаган. Аптанын башында Афганистандын жаңы шайланган премьер-министринин орун басары Абдул-Гани Барадар "Тажикстан Афганистандын ички иштерине кийлигишип жатат", - деп айтып чыккан.

Көп өтпөй премьер-министрдин экинчи орун басары Абдул-Салам Ханафи тажик лидери Эмомали Рахмондун "Афганистанда инклюзивдүү өкмөт түзүү керек" деген сөзүнө өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүн токтотпосо, тийиштүү жообун аларын айткан.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости