www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн ушул жылдын 9 айында жана 2020-жылга болжолдуу аткарылышы боюнча жана мамлекеттик органдардын маалыматтары угулду.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 62 млрд 646 млн сом өлчөмүндө салык жыйналып, бекитилген план 98,8%га аткарылган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилиндеги чогултулган салыкка караганда 521 млн сомго аз. Анын ичинен республикалык бюджетке 50 млр 300,5 млн сом жыйналып, 99,3%га аткарылган. Жергиликтүү бюджет боюнча алсак, 12 млрд 345,7 млн сом салык чогултулуп, пландын 97,1%ына жетишилген.

Ошондой эле он айдын жыйынтыгында Бажы кызматы тарабынан 20,7 млрд сом акча каражаты жыйналып, берилген тапшырма 70,8% гана аткарылган. Буга Бажы кызматынын төрагасы Семетеев Кадыржан пандемиядан улам жаралган көйгөйлөрдү жүйө келтирди.

Талкуу маалында депутаттар бажы тармагында коррупциялык жагдайлар азайбай жатканына токтолушуп, эл өкүлү Дастан Бекешев аталган кызматта ички тазалануу жүрүш керектигин белгиледи.

"Бул бардык мекемелерге, анын ичинен Салык кызматына да тиешелүү. Бардык иш-аракет ачык-айкын жүргүзүлгөндө гана коррупциялык көрүнүштөр азаят. Ошондой эле, ыкчам түрдө иштеген кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү шарт", - деди.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости