www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз улуттук искусство музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоо боюнча соттук отурум бүгүн, 14-январда  болуп өттү. 

Бирок, соттук отурумга күбөлөрдүн келбей койгондугуна байланыштуу, соттук отурум 21-январь күнү саат 14:00 гө  жылдырылды. 

Эске салсак, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. 

Алар:  мурунку Премьер-министр Сапар Исаков, Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева, Мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров,  Турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков, Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков жана "СМУ-3" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков өз билдирүүсүндө Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоодо күнөөсү жок экенин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости