www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кениялык жөө күлүк Элиад Кипчоге марафон аралыгын 2 саатка жетпей багынткан биринчи адам болуп калды. Бул окуя 12-октябрда катталды. Ал 42 чакырым 195 метр аралыкты 1 саат 59 мүнөт 40 секундда чуркап өткөн. Тилекке каршы, бул рекорд деп расмий түрдө катталбайт, себеби Венада өтүп жаткан бул марафон IAAFтын программасына кирбейт.

Ийгилик кокусунан эле жаралып калган жок, Кипчоге рекорд жаратууга мурдатан даярданып келген. Бул дистанцияны багынтууда ага 40 кишиден турган команда жардам берген. Жөө күлүктү велосипед менен коштоп, ага убагында суу жана изотониктерди берип турушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости