www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2013-жылы апрель айында кримтөбөл Азиз Батукаев эркиндикке чыккан. Болбосо ал 2006-жылы 3-августта адам өлтүрүүгө айыпталып, 16 жыл 8 айга кесилип, жазасын Нарындагы күчөтүлгөн абакта өтөп жаткан.
Кыскасы, мурдагы парламенттеги депутаттык комиссиянын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу маселенин чоо-жайын айтып, пикирин “NazarNews” маалымат агентиги менен бөлүштү.
- Турсунбай ага, убагында Батукаевдин эркиндикке чыгышына күнөөлүүлөрдү депутаттык комиссия иликтегенсиздер. Ошонун жыйынтыгы эмне болду эле?
- Анда биз 27 атка минердин аты-жөнү, аткарган кызматтарын белгилеп, аларды күнөөлүү деп көргөзгөнбүз. Менин таң калганым, ошол биз көтөргөндөрдүн ичинде 19 эле адам калыптыр. Алардын дагы ичинде жаңылары бар. Мисалы, биз иштегенде Атамбаевдин фамилиясы жок эле. Анткени аны ошол учурдагы саламатык сактоо министри, ЖАМК, акыйкатчы Турсунбек Акун эч кимиси Атамбаевди сата алган эмес. Мына эми сатып жатышат. Анан ал кезде Индира Жолдубаева дагы жок эле. Анын ордунда Аида Салянова бар болчу. Ошентип жаңы адамдарды кошкон күнү деле мурдагы күнөөлөнүп жаткандардын катары азайып кетти. Мен талап кылат элем, баягы 27 чиновниктин үстүнө азыркы аты аталып жаткан жаңыларды кошкондо 29 болот экен. Баарын тең суракка алыш керек.
- Атамбаев “сотко барбайм, кыйнасаңар тамак ичпей коем” деп чатак салып жатканда, сиздин талабыңыз кантип калат?
- Баш кесердин суракка келбейм дегени болбойт да. Тем более, бул сөздү экс-президент айтып жатат. Демек, Атамбаев жарандык позициясы жок адам экенин көргөзүп жатат. Болбосо, “сотко барбайм” дегени анын күнөөсү бар экенин далилдеп жатпайбы. Эгерде сотко келбей турган болсо, аны күч менен алып келүү керек.
- Кантип ошондой болсун. Анда эртең эле “адам укугун буздуңар” дегендер чыкпайбы?
- Жок, жок. Мында адамдын укугу бузулган жери жок. Өз жоопкерчилигин аткартуу үчүн аргасыз талап болуп жатат. Атамбаев сотко келип көрсөтмө бербесе, эч күнөөсү жок эле адамдар камалып кетиши мүмкүн. Анын башкаларга кара ниеттик кылбай турган ою болсо, эч кыйноосу жок эле сотко келип, болгон чындыгын айтып бериши керек. Мына ошондо күнөөсү жок адамдардын тагдыры чечилип калат. А эгер келбей койсо чатак. Ошон үчүн Атамбаев өзүнүн керт башын эмес, мурда кол алдында иштеген адамдардын тагдырын ойлошу керек.
- Кантип?
- Кой-Таш окуясында деле укук коргоо кызматкеринин атылышын “мүмкүн мен аткандырмын” деп мойнуна алып жатпайбы. Ошентип эле Атамбаев сотко келип, күнөөсүн мойнуна алсын. Ошончо эле сотко келгиси келбей жатса, “Урматтуу соттор, мен сот отурумдарына келбейм. Менсиз карай бергиле” деп өз укугун коргоп арыз жазышы керек. Тилекке каршы, антип айтпай жатпайбы.
Эске сала кетсек, Атамбаевдин доорунда бийликте олтурган тиешелүү чиновниктер көпчүлүктү “Батукаев жаман оору менен ооруп калыптыр, үч күндөн кийин өлөт экен” деген жүйөөгө ишендирүүгө өтүштү. Бирок, ал күткөндөй чыкпады. Коомчулук арасында кызуу талаш-тартыш жаралды. Андагы парламенттен депутаттык комиссия куралып, маселени иликтөөгө алышкан. Бирок, анын жыйынтыгы белгисиз бойдон калып, күнөөлүү бир дагы адам аталган эмес. Эмнегедир андагы бийлик дагы бул маселени акырындап унуткарууга аракет кыла баштаган.
Ошентип ал бийлик кетип, учурда жаңы бийлик келгени ал маселеге жан кирди. Батукаевдин эркиндикке чыгышында экс-президент башында турганы айтыла баштады. Анткен менен ал дагы кыйын экен, чатак салып камерадан чыкпай, сотко барбай жатат.
Булак: NazarNews.kg