www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таш-Көмүрдүн тургуну  атасынын ашына деген акчага мечитти оңдотуп берди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Ага ылайык, Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылынын тургундары, Койчумановдордун үй-бүлөсү мындан бир жыл мурун көзү өткөн атасына жылдык өткөрүү үчүн жумшала турган каражатты айылда жайгашкан “Азирети Али” мечитинин ички жасалгасына жумшап, сообун атасынын арбагына багыштаган.

“Таш-Көмүр шаарынын хатибияты КМДБнын маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелери боюнча чыккан фатвасынын негизинде, жергиликтүү элге ысырапкерчиликке каршы күрөшүүгө чакырып келет.

Натыйжада калк арасында түшүнүү менен кабыл алып, Кызыл-Алма айылында жашаган Койчумановтордун үй-бүлөсү мындан бир жыл мурун көзү өткөн атасына жылдык өткөрүү үчүн жумшала турган каражатты айылда жайгашкан “Азирети Али” мечитинин ички жасалгасына жумшап, сообун атасынын арбагына багыштады. Тактап айтканда бул үй-бүлө мүчөлөрү мечитке 50 000 сом акча которуп беришти”, – деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости