www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада мектеп окуучулары арасында “Китеп – билим булагы” аттуу дилбаяндар сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-11-класстын окуучулары арасында биринчи райондук тур санитардык эрежелерди так сактоо менен оффлайн режиминде өткөн.

Алтынчы класстын окуучулары үчүн тапшырма: “Башка тилди жанды жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм” (Алыкул Осмонов) деген темада дилбаян, 7-класстын окуучуларына Аалы Токомбаевдин “Күүнүн сыры” чыгармасынын негизинде дилбаян жазуу тапшырмасы даярдалды. 8-класстын окуучулары Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинин, 9-11-класстар Төлөгөн Касымбековдун “Адам болгум келет” повестинин негизинде дилбаян жазышты.

Белгилүү болгондой эле Шаардык сынакка райондук сынакта биринчи орундарды жеңип алган мектеп окуучулары катыша алышат.

Ал эми сынактын жыйынтыгында алдыңкы үч орундун ээлери белектер менен сыйланышса, мугалимдер Ысык-Көлгө эс алууга жиберилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости