www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Антикоррупциялык чараларды активдүү ишке ашыруу биздин өлкөгө өзүнүн позициясын эл аралык антикоррупциялык рейтингдерде жакшыртууга мүмкүндүк берди. Акыркы эки жыл ичинде биз өлкөнүн рейтингин 135-орундан 126-орунга көтөрүү менен, 9 позицияга жакшырта алдык», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чараларга токтолду.

«Атап айтканда, коррупциялык иш жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартууга мөөнөтүнүн эскириши алып салынган.  Мыйзамсыз баюу үчүн жазык жоопкерчилиги каралган ченемдер практикада колдонула баштады. Кирешелеринин жана чыгашаларынын мыйзамдуулугу шектенүү жараткан кызмат адамдарына карата 18 сотко чейинки өндүрүш катталган. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тыюу салуулар жана чектөөлөр киргизилди.  Укук коргоо органдарынын жетекчилерине өздөрүнүн кызматкерлерин терс көрүнүштөр  боюнча жумуштан бошотуп, алардын коррупциялык кылмыштарды жасашына жол бербөө мүмкүнчүлүгү берилген. „Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө“ жана „Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө“ Мыйзамдар кабыл алынган. Тезинен кабыл алууга зарыл болгон мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Депутаттар айрымдарын кабыл алууга үлгүрүштү. Калгандарын жаңы парламент колдойт деп ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул мыйзамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматта коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн маанилүү механизми болуп саналат.

Президент санариптештирүү — чиновник менен жарандын ортосундагы байланышты  болушунча азайтып, коррупцияга каршы күрөштүн эң алгылыктуу куралы экенин дагы бир ирет билдирди.

«Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жүрүп жатат. Ушуну менен биз жарандарга жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардагы коррупциянын  негизги себебин — адамдык факторду жоюп жатабыз.

Биз Борбордук Азияда биринчилерден болуп мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан салык декларацияларын электрондук түрдө берүүнү киргиздик. Декларациялардын бардык жыйынтык маалыматтары Салык кызматынын сайтында ачык жарыяланат. Азыр ар бир жаран аларды көрүп, чыгашалары менен кирешелери чындыкка туура келбеген чиновниктерди аныктоого катыша алат. Биз мамлекеттик сатып алууларды автоматташтырып, ал процесстерде орун алган коррупциялык тобокелдиктерди жоюудабыз. Бул ишкердик чөйрөсүндө атаандаштыкты өнүктүрүүгө оң таасир тийгизет жана бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүнүн ачыктыгын жогорулатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал ошондой эле, мамлекеттик кызматтын ачык-айкындуулугун күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан пландалган иштерге токтолду.

«Атап айтканда, биздин өлкө „Ачык Өкмөт“ демилгесине кошулду. Бул долбоорду ишке ашыруу активдүү жүрүп жатат. 36 мамлекеттик органда коомдук кеңештер бар, алар башкаруу чечимдерин кабыл алууга катышуу менен коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө жардам берип жатышат. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын ишинин ачыктыгын жана жоопкерчилигин күчөтүү менен бирге алардын социалдык кепилдиктери дагы жакшырууда. Өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди адилеттүү жана чынчыл аткаруу үчүн шарт түзүү максатында укук коргоо органдарынын эмгек акысы көбөйтүлдү», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости