www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип, тамтыгы калбай талкаланды. Ал эми ичиндеги адамдар эшикти ачып секирип кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул тууралуу “Элдик медиага” окуянын күбөсү билдиргенин Элдик.медиа жазды.

Кырсыктын себеби, унаанын тормозу иштебей калганынан болгон.

“Жер көчкүдөн улам жол жабылып калгандыктан, Жумгал жак менен келе жатышкан экен. Тормозу иштебей калып, ичинен эки адам сыртка секирип, унааны кое беришти. Дагы жакшы каршы тилкеден башка машина чыккан жок. Эки жаран денесинен жаракат алышты, тез жардам кызматына салып жибердик”,- дейт күбө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости