www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-сентябрда Россиянын Москва шаарында «Колизей ММА» уюмунун аралаш уруш боюнча эл аралык «Чемпиондор урушу 14» («Битва чемпионов 14») турнири болуп өттү.

Анда октагонго Кыргызстандын 34 спортчусу чыккан. Алардын ичинен 18 мушкер атаандаштарын жеңди.

Ал эми 66 кг салмакка чейинки категорияда кыргызстандык Сардар Усмонов таджикстандык Фариддун Холиков менен беттешти.

Белгилей кетсек, Усмонов алгачкы секунддарда эле чабуул жасап, атаандашынын башына бир нече жолу сокку урууга жетишти. Андан кийин атаандашынын аркасына өтүп, муунта баштаган. Беттештин 16-секундасында тажикстандык спортчу жер чабууга аргасыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости