www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдиев Бактыбек Кемелович 50 жашта. Кичи мекени – Кочкор. Кыргыз мамлекеттик аскер лицейин, Жусуп Баласагын атындагы КУУнин юридикалык факультетин бүтүргөн. Тартип, тазалык, адилеттүүлүк принциби Суворов окуу жайындагы аскердик тарбиядан калган. Эмгек жолун Кочкордун Ормон хан айылынын мектебинде мугалим болуу менен баштаган. Учурда Бактыбек Абдиев, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер.

Турмуштун оош-кыйышы да Бакыт мырзаны кыйгап өтпөдү. Мугалимдин айлыгы өп-чап. Үй-бүлөлүү, билимдүү, амбициялуу жигитке жетимиш өнөр аздык кылмак беле, тез арада мугалимдик кесибин ишкерликке алмаштырды. Ушу тапта ийгиликтүү ишкер. Бизнесте жүрүп көп муктаж адамдарга жардамга кол сунду. Канчалаган адамдарга жумушчу ордун түзүп берди. Калкка жардам акчалай эмес, мыйзам аркылуу тиерин билген соң 2016-жылы Бишкектин Биринчи Май районунан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышып утуп чыккан. Этика, регламент, укук жана укук тартиби комиссиясынын төрагасы. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Жөнөкөй, боорукер. Бош убактысында ат минип, футбол, бильярд ойногонду жактырат. Сууга сүзүү ден соолуктун биринчи досу экенин жакшы билет. 

“Менин 2020-жылдагы шайлоого талапкер болгонумдун себеби – эсил кайран СССР, андан бери демократиялык коомдо башкаруучулардан калган эски маселелерге жаңы чечимдер, жаңы көз караштар, жаңы күчтөр зарыл! “Мекеним Кыргызстан” партиясын кризиске каршы инновациялык идеяларга бай команда деп тааныдым. Демек, билимим, ишкерликтен үйрөнгөн тажрыйбам Кыргызстанды жаңы багыттарга бурууга өбөлгө болот деп билем. Эң негизгиси мени Бишкек шаардык кеңешине сүрөп, ал жакта жемиштүү иштеримден улам Жогорку Кеңешке аттануума шык берген элимдин ишенимин актоо бирден-бир милдетим”, - дейт биздин талапкер.

Ишкер адамдар сөзгө караганда иш жасаганды артык көрөт. Бактыбек мырза элибиздин башына келген пандемияда жөн карап жатпады. Миңдеген үй-бүлөлөргө азык-түлүк, дары-дармек менен колдоо көрсөттү.

- Бактыбек Кемелович, ишкерлерди көп учурда сараң дешет. Байкасам, сиз аз убакта эле эл үчүн көп иштерди жасапсыз. Сараң деп айтууга ооз барбагансыйт.

- Коомдо эл ишкердин көбүн сараң дешет. Мен сараң деле эмесмин, бирок сараңдыкты сыйлайм. Өлкө үчүн өнүгүү жолу же кандайдыр бир прогресске ишеним чоң болсо, алдыны көрө билген ишкер эч качан ойлонбойт. Миллиондогон акчаларын салат. Эч нерсесин аябайт. Бирок бизде көбү жеке бизнесин өнүктүрүүгө умтулгандар. Ишкерлер сараң эмес, алар сарамжалдуу. Ишкерлер күн-түн маңдай тери менен каражат табышат, көбөйтүшөт. Ал эми жарандар көп учурда  майнапсыз иштер үчүн акча сурашат. Бербей койсо дароо “сараң, чык таттырбас Чынарбай, эл душманы, көпөс” деп ат коюшат. Маселен, мени жакшы, келечеги кең нерсеге, долбоорлорго ишендире алышпаса бир тыйын да бербейм. Ишкерликтин эң негизги принциби – үнөмдүүлүк. Чыгаша  менен кирешенин ортосундагы айырманы сактоо зарыл. Негизгиси чыгаша кирешеден ашпасын. Ишкерликте ийгиликке жеткен адамдар саясатка да оңой келбейт. Чыныгы ишкерлерге туруктуу, ийкемдүү мүнөз керек. Топтун ичинде эл менен кандай сүйлөшө билгениң аларга ишенимдүү аракетиң менен таасир эте алганың бул артыкчылык. Анан баштаган ишти таштабоо зарыл. Өжөрлүк, чыдамкайлык, кайратмандык ишкерликте эле эмес, саясатта да пайдасы зор.

Мен жарандарыбыздын жашоосу кандай гана жактан болбосун жакшы нукка өзгөрүүсүн чын дилимден каалайм. Албетте, жакшы жашоо өзүнөн өзү болуп калбайт. Ал үчүн ар бир адам өз салымын кошуп, жаркын келечек үчүн күрөшүүсү зарыл.

Заманбап, күчтүү, өнүккөн мамлекетти куруу үчүн баарыбыз биргеликте алдыга кадам таштайлы. Биз менен бирге болуңуз!

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет

Последние новости