www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кубанычбек Нурматов Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл аймагынын Уйгурабад айылынын жана Алля Анаров айыл аймагынын жүздөгөн тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү эл талапкерди жылуу тосуп алышты.

Жолугушууда Кубанычбек Нурматов “Кыргызстан” партиясынын тарыхы жана “Эл үчүн” деген программасы менен кеңири тааныштырды.

“Биздин “Кыргызстан” саясий партиясынын программасында өлкөнү өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттары жана жашоо турмушубуздагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору камтылган. Биздин башкы максат – элдин жашоо-турмушун жакшыртуу. Өзүбүздүн топтогон тажрыйбабызды колдонуп, элге кызмат кылалы деп жатабыз”, - деди ал.

Ошондой эле, талапкер партияга өз ишин мыкты билген кесипкөй адисттер чогулганын баса белгиледи. Андан сырткары, ал партия куру убадалардан алыс болуп, реалдуу ишке аша турган программаны сунуштап жатканын айтты.

Иш-чара учурунда талапкер шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Суроолор көбүнчө партиянын программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду.

Жолугушуунун соңунда айыл тургундары буга чейин райондун элинин көйгөйлүү маселелерин чечүүдө ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кубанычбек Нурматовго ыраазычылыгын билдиришти. Шайлоочулар талапкерге ак жол каалап, ак сакалдар “Кыргызстан” партиясынын жеңип чыгуусуна ак батасын беришти.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

Последние новости