Видео – #ДОБУШТУНКҮЧҮ. Шайлоого катышуунун маанилүүлүгү тууралуу маалыматтык ролик тартылды
Коом  |   |  155

1.1 студиясы #СИЛАГОЛОСА #ДОБУШТУНКҮЧҮ хэштеги менен таркап жаткан шайлоо билимин жогорулатууга багытталган маалыматтык өнөктүктүгүнүн алкагында шайлоочуларга маалымат берүү максатында 1 мүнөттүк ролик тартып, шайлоочунун ар бир добушу маанилүү экенин дагы бир жолу эскертти.

Роликте Кыргызстандагы белгилүү блогерлер, ырчылар жана ошондой эле жаштар жарандарды алдыдагы парламенттик шайлоого катышып, келечекти тандоого чакырышат.

Алар жарандарга добуш берүүнүн маанилүүлүгүн эскертип, кийин митингдерге, нааразычылык акцияларына чыкпаш үчүн добуштарды сатпоого үндөшөт.

Шайлоочуларга билим берүү кампаниясы #Media Internews in USAID Kyrgyz Republic in Kyrgyzstan долбоору тарабынан колдоого алынган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями