www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Ташболот Балтабаевди кепке тартып, премьерлерди алсыраткан жагдайлар боюнча сүйлөштүк.

-Ташболот мырза, Кубатбек Боронов мамлекетти өнүктүрөт, жыйылган маселени чечет деп ишеним артсак болобу?

- Ишеним артууга болбойт. Себеби, өнүкпөгөнүбүздүн тамыры тереңде, башкаруу системабызда жатат. Кыргызстандын башкаруу системасы туура эмес. Тагыраагы, таза парламенттик же президенттик системага өтүшүбүз  керек. Мурунку жана азыркы президенттер керт башы менен эчтекеге жооп бербейт, бирок бардык бийликти мыкчып турушкан жана туруша берет. Премьер-министрлер президенттердин артында саясий күчү жок, убактылуу отурган адамдар болушат. Бороновдун артында кайсы саясий күчү бар? Эч ким жок...Бул да азыр ишти илгерилетүүгө киришкен адамдай көрүнө берет. Президентти колдогусу келбей калганда кызматтан кетет...

-Премьерлер таасирдүү, күчтүү болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

-Келечекте шайлоодо жеңген партиянын лидери премьер болушу керек. Ошондо өкмөттүн ишмердигине ошол партия жоопкер болот. Ушундай өңүттөн караганда бүгүнкү ахвалга КСДП партиясы жооп бериши керек. Албетте, анын лидерлери болуп келген ага - ини Жээнбековдор жана ошол партиянын бийликтеги өкүлдөрү. Иш жүзүндө алар КСДПны таштай качып башка партиянын атын жамынышып, дагы бийлигин улантууга аракеттенип жатышат.

Ошондуктан 10 жылдан бери ушул партиянын атынан бийликте болгон азаматтардын аттарын тизмелеп чыгып, шайлоонун алдында элге жарыялагыла, урматтуу журналисттер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости