www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Сузак районунун аймагындагы Топурак-Бел ашуусунда Mersedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу видеотасма интернет желесинде тарады. 

Окуянын чын-төгүнүн тактоо үчүн ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнө байланыштык.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-июнь күнү саат 11:30дар чамасында Бишкек — Ош жолунун 553-чакырымында болгон.

Өрттүн кесепетинен жүк ташуучу автоунаанын мотору, кабинасы, алдынкы эки дөңгөлөгү күйгөн. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес.

Кырсык электр зымдарынын бири-бирине тийишип кетишинен чыккан.

Грузовик Mercedes-Benz загорелся на перевале Топурак-Бел в Сузакском районе Джалал-Абада. 18 июня 2020 год

Грузовик Mercedes-Benz загорелся на перевале Топурак-Бел в Сузакском районе Джалал-Абада. 18 июня 2020 год

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости