www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Референдумдун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Конституциянын жаңы редакциясын окуган жок. Ал бул тууралуу “24.kg” маалымат агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, Баш Мыйзамга жаңы өзгөртүү киргизүү боюнча сунушталган Элдик Курултай эмне иш аткарарын билбейт.

«Мен жаңы Конституциянын демилгечиси эмесмин. Бул долбоор талкууга гана коюлган, мен жөн гана колтамгамды койдум. Мен жогору жактан тааныштым, бирок ал кандай долбоор экенин билбейм. Андан кийин эмне болорун угалы. Референдум болот, эл өз чечимин кабыл алат. Ага чейин Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылат. Бул мыйзамды мен отурдум жана жаздым деп ойлойсузбу? Демилгечилер ар башка », – деди Тазабек Икрамов.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 80 депутаты Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө мыйзам демилгеледи. Учурда парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости