www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште 2009-жылга чейин өзүмбилемдик менен салынып калган турак жайлардын тагдыры боюнча маселе каралган. Анын жыйынтыгында мекемелер аралык комиссия түзүлүү менен, алардын саны такталып чыккан. Комиссиянын корутундусу Айыл чарба министрлигине тапшырылган, ошондон бери андан дайын жок. Көрсө, министрликте иштеген Далбаев деген неме маселени андан ары жылдырбай жатыптыр. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Комиссия мүчөлөрү ал маселени көтөрсөк, Далбаев премьер-министрге туура эмес маалымат берип, 2009-жылга чейин өзүмбилемдик менен салынып калган турак жайлардын тагдырына байланыштуу маселенин чечилишине тоскоолдук жаратып жатыптыр. Бул маселенин артында он миӊдеген адамдардын тагдыры турат. Жаӊы конуштарда жашаган көптөгөн адамдар социалдык жактан тейленбей, балдары мектептерге алынбай келет. Өкмөт тезинен тийиштүү чараларды көрүп, бул көйгөйдү чечиши керек», - дейт депутат.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости