www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында 24-май күнү саат 05:00 чамасында Кен-Туулук суусунда суунун көлөмү көтөрүлүп, Ак-Жар айылындагы ички чарбалык жолго курулган 4 көпүрөнү суу жеп кеткен. Ички чарбалык жол убактылуу жабылган.

Айыл аймак тарабынан ички чарбалык көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштерин 1 экскаватор тартылган. Учурда 2 көпүрө калыбына келтирилген.

Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагында 24-майында түнү Бирдик айылында, Көк-Ирим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, дарыядан сугатка суу алуучу арыктарынан ашып, 3 турак үйдүн короолоруна суу кирген.

Жээктерди бекемдөөгө айыл аймактан 1 жүктөгүч жана 15 адам тартылып, кооптуу аймакта сууну тосуу иштери аткарылган.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости