www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим кыргыз-тажик чек келгендигин Өкмөттүн басма сөз кызматынын басма сөз өкүлү Чыңгыз Эсенгулов карлады:
--Урматтуу кесиптештер, учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Окуя болгон жерге мамлекеттик органдардын кырдаалды турукташтыруу боюнча иштерин координациялаш үчүн Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим жөнөтүлгөн», деп билдирүү таратты.
Эсенгулов чектеш райондордо мындан аркы эскалацияга жол бербөө максатында жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылып жатканын белгилейт.
Ал эми мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев:
- Учурда кырдаал бир аз жакшыраак деп айтсак болот, бирок Кыргызстан тараптан дагы, Тажикстан тараптан дагы жол жабык болуп турат. Эки тараптын жарандары азыркы учурда өз айылдарында турушат. Акыркы чыр-чатак кечээ саат 16:00дө болгон. Андан бери түн тынч өттү. Учурда ал жакта вице-премьер-министр Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, ички иштер министрлигинин тобу иштеп жатышат, - деп Азаттыкка кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg