www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Харлем Дезирдин ыйгарым укуктарын узартууга макулдугун берген жок. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Харлем Дезир тажик бийлигин өлкөдөгү ЖМКларга басым көрсөтүүгө айыптап келген.

Маалыматка караганда, Азербайжан менен Түркия дагы Дезирдин кайра дайындалышына каршы чыгышкан.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы, уюмдун Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросунун төрагасы, улуттук азчылыктар боюнча башкы комиссары жана басма сөз эркиндиги боюнча өкүлүнүн орду азыр бош. 12-июлда Албания уюмга мүчө 57 өлкө бул төрт кызматка жооптуу кишилерди кайра дайындоо боюнча консенсуска келбегенин кабарлаган. Албания 2020-жылдын 1-январынан бери ЕККУда төрагалык кылууда.

ЕККУнун башкы катчысы жана институттардын жетекчилери үч жылда бир шайланат. Уюмдун азыркы башчыларынын ыйгарым укуктары 18-июлда аягына чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости