www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бээжиндеги Цинхуа университетинде укук боюнча сабак берген Сюй Чжанжун Кытай лидери Си Цзинпинди жана бийликтеги Коммунисттик партияны ачык сындаганы үчүн иштен алынды. Буга чейин ал бир жума абакта отуруп чыкканын чет элдик басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, профессорду июлдун башында полиция кармап кетип, алты күндөн кийин, 12-июлда гана үйүнө кайткан. Ал досторунун бирине жиберген смс катта иштен чыгып калганын жазган.
Бул тууралуу Сюйдун досу, журналист Гао Юй айткан. Университет бул боюнча комментарий бере элек. Сюй жыл башында чет элдик сайттарда жарыяланган макаласында Кытай өкмөтүнүн коронавирус пандемиясына каршы жүргүзгөн аракетин сынга алган. Ал Кытай бийлигинин маалыматты жаап-жашырганы коронавирустун жайылышына шарт түзгөнүн жазган.
Эске сала кетсек, оронавирус алгач былтыр декабрда Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Кошмо Штаттар да Бээжинди оорунун жайылышы боюнча чыныгы кырдаалды жашырганы үчүн айыптап келет. Кытай мындай дооматтарды такай четке кагат.
Булак: NazarNews.kg