www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын парламенти "Якчилва" күмүш кенин кытайлык инвесторлорго берүүнү колдоп берди. Ошондой эле, кытайлык "Кашн Синьюи Дади Майнинг Инвестмент" компаниясын 7 жылга чейин бүт салыктардан бошотту. Бул тууралуу тажик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кытайларга берилген "Якчилва" күмүш кени Мургаб районунда, Памир тоосунун деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктигинде жайгашкан. Бул өлкөдөгү эң бийик кен катары саналат. "Якчилва" кениндеги күмүштүн запасы 205 тонна деп айтылган.

Эске салсак, Тажикстан август айында да Айнин районундагы алтын кенин кытайлык компанияга берген. Тажикстандагы алтын кендеринин 80 пайыздан ашуунун биргелешкен кытай-тажик компаниялары иштетет.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости