www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-сентябрда премьер-министр М. Абылгазиев “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүнтоктомуна кол коюп, бул маселени ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.
Кабыл алынган чечимге ылайык, билим берүү уюмдарынын айрым типтеринин адистик диплому бар педагогикалык кызматкерлерине айлык акы төлөө шарттары магистр программасы боюнча жогорку билимдүү кызматкерлерге теңдештирилет. Өкмөттүн чечими аркылуу жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын негизги бөлүгүнүн көлөмү 30%га көбөйөт.
“Эмгек акысын мынчалык көтөрүүгө каражаттарды табуу кыйла кыйын болору тууралуу бардык скептикалык божомолдорго карабастан, биз аларды таптык. Жыл аягына чейин бул кошумча 1,7 млрд сомду талап кылат, кийинки жылы - 7 млрд сом. Өкмөт билим берүү тармагынын 120 миңге жакын кызматкеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн бюджеттен зарыл каражаттарды тапканын баса белгилеп кетким келет. Мамлекет жарандарыбыздын билим алуусуна жана саламаттыгына байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурат жана мындан ары карай дагы бул чөйрөлөргө колдоо жана каржылоо көрсөтүү үчүн аракет көрөт”, - деди өкмөт башчы.
Ошентип мурда 12 миң сом алган катардагы мектеп мугалимдери менен бала бакчалардын тарбиялануучулары 17 миң сомдон алышмакчы. Бирок көптөн бери ата-энелердин көйгөйү болуп келаткан ар бир окуучудан бордон баштап, компьютерге чейинки мыйзамсыз акча чогултуулар эми токтойт бекен? Бул тууралуу “Майдан. kg” гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg