www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан менен Тажикстанда рублдин наркы төмөндөөдө. Бул көрүнүш Орусиянын өзүндө да байкалууда.

Эксперттер муну Орусияда мунай экспортунун кескин кыскарышы менен түшүндүрүшүп, орус экономикасына батыш санкцияларынын кесепети эми сезилип жатканын айтышууда.

Тажикстанда рублдин арзандашы өлкө жашоочуларын тынчсыздандырууда. Көптөгөн тажик мигранттары жакындарына орус валютасы менен акча которушат. Эгер рубль төмөндөп кетсе, алардын кирешеси да кыскарат. Расмий маалымат боюнча калктын 75% мигранттар жөнөткөн акча менен жашайт. Өткөн апта башында 1000 рубль үчүн 158 сомони берилип жатса, азыр бул көрсөткүч 141 сомониден көп эмес.

Казакстанда бир рубль 9 теңгеге чейин жеткен учурлар болгон. Азыр 6,4 теңгеге түшүп калды. Талдоочулардын пикиринде, рублдин кунсузданышы экономикага оң таасирин тийгизиши мүмкүн: Орусиядан экспорттолгон товарлар, анын ичинде азык-түлүк бираз арзандашы күтүлүүдө.

“Рублдин баасы өтө эле жогорулап кеткен. Анын кесепетинен Орусиядан келген товарлар кымбаттап жатат. Рублдин арзандашы өлкө экономикасы үчүн жакшы. Мындан ары жогорулабайт деп болжолдойбуз. Эгер рубль дагы түшө турган болсо, келерки жылы жакшы көрсөткүчтөрдү көрүүгө болот”, - деди экономист Арман Бейсембаев.

 

Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларын күчөтө берсе, рубль мындан ары да төмөндөй турганы болжолдонууда.

Орусия каатчылыктан чыгуунун бир жолу катары Казакстан жана Өзбекстан менен чогуу газ биримдигин түзүп, чийки затты четке чыгаруунун жолун издеп жатат. Астана мындай биримдиктен баш тарткан. Ташкент да биргелешкен уюм түзүүгө ниети жок экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости