www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Кытайдан 85 даана өрт өчүрүүчү унаа келди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

“Кытайдан 100гө жакын өрт өчүрүүчү унааларды алмакпыз. Бүгүнкү күндө 85и келип, корообузга кирди. Бизде көптөн бери автошаты (АКП-50) көйгөй болуп келген. Дагы келе турган 15 унаанын ичинен шатысы 50 метрлик болгон үч өрт өчүрүүчү унаа келе жатат. Мындан сырткары, алардын ичинен 10у авариялык-куткаруучу иштерге колдонулат. Ал керектүү жабдыктар менен жабдылган. Кытайдын унааларында алты киши отура турган болсо алардын кийим-кечеси, түтүндөн коргоочу беткабы менен келди”, - дейт ал.

Шамырканов Россиядан дагы кошумча 40 даана өрт өчүрүүчү унаа каралганын айтып, анын 10у кампага киргенин белгиледи.

“2023-жылдын февраль айында толук келип бүтөт”, - деди министрдин орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости